Загрузка документа…
ТОГУЗ-ТОРО АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Тогуз-Торо айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXII чакырылышынын кезектеги XXIX- сессиясынын
2024-жылынын 18-июлунун №35
“КР жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндөгү 2024-жылдын 07-февралындагы №52 токтомуна ылайык “Тогуз-Торо” муниципалдык ишканасынын штаттык
курамын бекитип берүү жɵнүндɵ”
Тогуз-Торо айылдык кеңешинин (ХХII шайланышынын) кезектеги чакырылган XXIХ сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1.КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 07-февралындагы жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндөгү №52 токтомуна ылайык Тогуз-Торо айыл аймагына ачылган “Тогуз-Торо” муниципалдык ишканасынын штаттык курамы №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет,экономика,муниципалдык менчик,айыл чарба,инвестиция,ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча” туруктуу комиссиясынына жүктөлсүн.
3.Токтомду каттоодон ѳткѳрүү жана Тогуз-Торо айыл аймагынын расмий веб-сайтына жарыялоо жагы айыл ѳкмѳтүнүн башчысынын орун басары-жооптуу катчы У.Арыкмолдоевага тапшырылсын.
Тогуз-Торо айылдык кеңешинин төрагасы : |
У. Токтожумаев |
Тогуз-Торо айылдык кеңешинин (ХХII шайланышынын) кезектеги чакырылган XXIХ сессиясынын 18.07.2024-жылдагы №35 токтомуна № 1 тиркеме |
«Тогуз-Торо» муниципалдык ишканасынын чектүү штаттык саны
№ | Кызмат орундарынын аталышы | Штаттык бирдиктин саны | Эскертүү |
1 | «Тогуз-Торо» муниципалдык ишканасынын жетекчиси | 1 |
|
2 | «Тогуз-Торо» муниципалдык ишканасынын бухгалтери | 1 |
|
| Жалпы: | 2 |
|
Тогуз-Торо муниципалдык ишканасынын жетекчиси: |
Рыскул уулу Алтынбек |