Загрузка документа…
| Тогуз-Торо айылдык кеңешинин (ХХII шайланышынын) кезектеги чакырылган XXIХ сессиясынын 18.07.2024-жылдагы №36 токтомуна № 1 тиркеме
|
“Тогуз-Торо айыл аймагында эстеликтерди,стелаларды,обелисктерди,мемориалдык такталарды,башка мемориалдык курулмаларды долборлоонун жана
орнотуунун эрежелери жөнүндө жобо”
1-глава. Негизги жоболор
1. Ушул жобо Тогуз-Торо районунун аймагындагы эстеликтерди, стелаларды,обелисктерди,мемориалдык такталарды. Башка мемориалдык курулмаларды (мындан ары –Эстеликтер) долборлоо жана орнотуу процесстерин жөнгө салуу максатында иштелип чыкты.
2. Ушул жобо Тогуз-Торо районундагы эстеликтерди долборлоонун,орнотуунун эсепке алуунун жана тейлөөнун тартибин аныктайт.3.
3. Эскиздик долбоор жер участогунда обьектти оптималдуу жайгаштырууну тандоого жана андан ары долборлоо үчун шарттарды жана талаптарды түзүүгө мүмкүндүк берүүчү алдын ала техникалык-экономикалык көрсөткүчтөр менен обьекттин негизги функционалдык-пландоо жана көлөмдүк-мейкиндик параметрлерин аныктоочу келечектеги объект жөнүндө жалпы түшүнүк берүүчү долбоордук чечимдердин баштапкы баскычы.
4. Эстеликтерди долборлоо, даярдоо жана орнотуу Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин, «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө»,»Кыргыз Республикасынын шаар курруу мыйзамдарыныны негиздери жөнүндө»,Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын сактоо менен жүзөгө ашырылат.
5. Монументалдык даназалоонун республикалык планына киргизилбеген,шаар куруу документтерине,жер пайдалануу жана куруу эрежелеринне,ошондой эле ушул жобонун талаптарына ылайык келбеген Эстеликтерди орнотууга жол берилбейт.
6. Эст6еликтерди бир административдик аймактык бирдиктин аймагында кандай болбосун жолу менен КРнын түптөлүшүнө,өнүгүшүнө олуттуу салым кошкон мамлекеттик, коомдук ишмерлердин ,илим маданият ишмерлердин жана башка адамдардын,баатырдык көрсөткөн адамдардын,чет өлкөлүк жарандардын,маданият жана искуство чыгармалырынын эпикалык,фольклордук, башка баатырларынын элесин түбөлүккө калтырууга бир жолу берилет.
2-глава.Эстеликтерди орнотуу жөнүндө маселелерди кароонун жана чечүүнүн тартиби
7.Эстеликтерди орнотуу жөнүндө демилгечилердин сунуштары тиешелүү администрациялык- аймактык бирдиктин ыйгарым укуктуу комиссиясы тарабынан каралат,ал жөнүндө жобо жергиликтүү кенештин токтому менен бекитилет.
8.Комиссия демилгечилерден келип түшкөн төмөндөгүдөй документтерди карайт;
1) Мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдардын, уюмдардын, мекемелердин,100дөн кем эмес демилгечилерден турган жарандардын тобунун өтүнүчү;
2) тарыхый же тарыхый-биогрофиялык маалымкатты, окуянын аныктыгын же элеси түбөлүккө калтырылуучу адамдын синирген эмгегин ырастаган архивдик документтердин көчүрмөлөрүн, мемориалдык тактадагы жазууда камтылган фактыларды,ошондой эле элесин калтыруу түбөлүккө зарылдыгын ырастаган маалымкаттарды;
3) обьектинин жайгашкан жери анын курулушунун өлчөмү жана мүнөзү белгиленген карта-схемасы;
4) Элеси түбөлүккө калтырылуучу адамдын жашаган мезгилин көрсөтүү менен жарандык административдик –аймактык бирдиктин аймагында жашаган мезгили жөнүндө ыйгарым укуктуу органдын архивдик маалымкатын;
5) ушул жобого ылайык бекитилген эстеликтин алдын ала эскизин жана андагы жазуулар боюнча сунуштарды;
6) Имараттын,курулуштун,курулманын менчик ээсинин же башка ээсинин, жер участогунун укук ээсинин Эстеликти орнотууга макулдугунун жазуу жүзүндөгү ырастамасын;
7) эгерде эстеликтин орнотуу үчүн көп батирлүү үйдөгү жайлардын менчик ээлеринин жалпы мүлкүн пайдалануу болжолдонсо,көп батирлүү үйдөгү жайлардын менчик ээлеринин КРнын Турак жай кодексинде белгиленген тартипте алынган макулдугун берүү зарыл;
8) демилгечилердин ишти каржылоо боюнча жазуу жүзүндөгү милдеттенмеси;
9) Ыйгарым укуктуу комиссия сунушту кароонун натыйжалары боюнча эстеликти орнотуу мүмкүндүгү же мүмкүн эместиги жөнүндө сунуштамаларды даярдайт жана аларды Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү ишмерлеринин элесин түбөлүккө калтыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы комиссиянын бекитүүсүнө жиберет,ал Эстеликти орнотуу же аны орнотуудан баш тартуу жөнүндө акыркы чечимди кабыл алат.
10) Эгерде Эстелик Кыргыз Республикасынын түптөлүшүнө жана өнүгүшүнө олуттуу салым кошкон мамлекеттик жана коомдук ишмерлердин, илим жана маданият ишмерлерини,баатырдык көрсөткөн адамдардын, четөлкөлүк жарандардын, маданият жана искусство чыгармаларынын эпикалык,фольклордук, башка баатырларынын элесин түбөлүккө калтыруу максатын көздөбөсө,аны орнотуу жөнүндө чечим тиешелүү административдик-аймактык бирдиктин ыйгарым укуктуу комиссиясы тарабынан кабыл алынат.
11) Эстеликтерди долбоорлоону жана орнотууну баштоо үчүн негиз болуп Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү ишмерлеринин элесин түбөлүккө калтыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы комиссиянын чечими саналат.
12) Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү ишмерлеринин элесин түбөлүккө калтыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы комиссиянын оң чечиминин негизинде жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысы Эстеликти орнотуу жөнүндө зарыл болгон чечимдерди кабыл алат.
13) Административдик-аймактык бирдиктин ыйгарым укуктуу комиссиясы тарабынан сунуштарды кароонун жана демилгечиге жүйөлүү жооп берүүнүн жалпы мөөнөтү демилгечинин сунушу келип түшкөн учурдан тартып 30 календарлык күндөн ашпоого тийиш.
3-глава. Эстеликтерди жасоо,орнотуу жана аларды демонтаждоо
14.Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча орнотулуучу эстеликтерди,стеллаларды,обелисктерди жана башка мемориалдык курулмаларды кошпогондо, Эстеликтерди жасоо жана орнотуу жеке жактардын ыктыярдуу кайрымдуулугун массалык чогултуунун эсебинен жүзөгө ашырылат.
15. Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү ишмерлеринин элесин түбөлүккө калтыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Министлер Кабинетинин алдындагы комиссиянын оң чечиминин негизинде Эстеликтерди орнотуу мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары тарабынан өткөрүлүүчү мыкты эскиздик долбоорго алдын ала өткөрүлгөн конкурстун жыйынтыгы боюнча жүзөгө ашырылат.
Ар бир конкурсту өткөрүүнүн тартиби мамлекеттик орган, тиешелүү административдик-аймактык бирдиктин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан бекитилет.
16. Долбоорду жана Эстеликтерди орнотулуучу ордун макулдашууда төмөнкү талаптар коюлат.
1)Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин, «Кыргыз Республикасынын шаар куруу мыйзамдарынын негиздери жөнүндө», Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына жайгаштырууну милдетүү эсепке алуу;
2) Эстеликти жер участогуна жайгаштырган учурда шаар куруу кырдаалын,айланадагы курулуштарды жана шаар куруу мумкүнчүлүктөрүнө жараша жайгаштырууну милдетүү эсепке алуу;
3) мемориалдык тактанын өлчөмү жайгаштырылуучу маалыматтын көлөмү менен аныкталат жана алар орнотулуп жаткан имаратка, курулушка, курулмага шайкеш келүүгө, бирок 900*600мм өлчөмүнөн ашпоого тийиш;
4) мемориалдык тактаны имараттын, курулуштун жана курулманын фасадына жайгаштырууда мурда орнотулган обьекттердин бар экендиги эске алынат. Мемориалдык тактанын жанында мемориалдык тактанын тексти менен байланышпаган башка маалыматтар (мекемелердин көрнөктөрдү, жарнактар, кулактандыруулар ж.б) болбоого тийиш;
5) мемориалдык такта жерден эки метрден кем эмес бийиктикте жакшы көрүнгөн жерге орнотулууга тийиш;
6) Эстеликтерди жайгаштырууда мурда орнотулган обьектердин болушу эске алынат жана алардын ортосундагы аралык 1000 метрден кем эмес радиуста сакталат;
17. Эстеликтер белгиленген тартипте макулдашылган эскиздик долбоорлор боюнча бышык материалдардан (табигый таш, металл, эритме, тышкы таасирлерге туруштук берген башка метериалдар) жасалат.
18. Тарыхый окуянын мааниси, инсандын синирген эмгеги баатырдын маанилүүлүгү мемориалдык тактада көркөм аткарылган мамлекеттик жана расмий тилдерде аткарылат.Чет тилиндеги жазууга жол берилбейт.
19. Мемориалдык такталардын композициясында тексттен тышкары унутулгус окуяларды, декоративдик элементтерди чагылдырган портреттик же стилдештирилген сүрөттөлүштөр киргизилиши мүмкүн.
20.Эстеликтердин архитектуралык-көркөм чечими алар орнотула турган жердин мүнөзүнө, алар жаны элемент катары киргизилип жаткан чөйрөнүн өзгөчөлүктөрүнө карама-каршы келбеши керек.
21. Эстеликтерди демонтаждоо төмөнкүдөй учурларда жүргүзүлөт.
1) Эстеликтерди ондоо жана реставрациялоо боюнгча иштерди жүргүзүүдө;
2) Эстеликтер толук бузулганда жана ондоо иштерин жүргүзүү мүмкүн болбогондо;
3) мемориалдык такта орнотулган имарат, курулуш жана курулма бузулганда;
4) Эстелик өзүм билемдик менен орнотулган обьект катары таанылган учурда.
22. Кароонун зарыл болгон жол-жоболорунун комплексинен өтпөстөн өзүм билемдик менен орнотулган эстеликтер, өзүм билемдик менен орнотулган обьекттер болуп саналат жана ушул Жободо каралган тартипте демонтаждалууга тийиш.
4-глава. Эстеликтерди сактоонун жана эсепке алуунун тартиби.
23. Имараттар, курулушка жана курулмага орнотулган мемориалдык такта анын ажырагыс көркөм-архитектуралык элементи болуп саналат.
24. Муниципалдык аймакта жайгашкан Эстеликти мунипициалдык башкарууга өткөрүп берген учурда муниципалдык кызматтар тарабынан андан аркы учурдагы күтүү үчүн курулушу бүткөн Эстеликти тиешелүү кабыл алуу-өткөрүп берүү акты менен кабыл алуу жол жобосу милдетүү.
Муниципалдык аймакта орнотулган Эстеликтер жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын муниципалдык менчикти башкаруусуна өткөрүлүп берилет,алар эсепке алынат, бирдиктүү реестр түзөт, белгиленген эстеликтерди коргоону,күтүүнү жана ондоону жүзөгө ашырат.
Жооптуу катчы: | Т.Азимбаева |