Загрузка документа…
ТОГУЗ-ТОРО АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Тогуз-Торо айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXII чакырылышынын кезектеги XXIX- сессиясынын
2024-жылынын 18-июлунун №37
““Райондун ардактуу атуулуна” сунуштоо жөнүндө”
Казарман айылынын тургуну Абдылдаева Дурия Сансызбаевнаны «Тогуз-Торо районунун ардактуу атуулу» наамына көрсөтүү боюнча райондук А.Жакишов атындагы жалпы дарыгердик тажрыйба борборунун 2024-жылдын 15-апрелиндеги №01 сунушун карап жана талкуулап Тогуз-Торо айылдык Кеңешинин (ХХII шайланышынын) кезектеги чакырылган XXIХ сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1.Казарман айылынын тургуну, Тогуз-Торо райондук Аманкан Жакишов атындагы жалпы дарыгерлик борборунун директору Абдылдаева Дурия Сансызбаевнага калктын саламатттыгын сактоодо кошкон зор салымы үчүн 2024-жылдын жыйынтыгы менен «Тогуз-Торо районунун ардактуу атуулу» наамына сунушталсын.
2.Токтомдун бир нускасы Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын алдындагы сыйлыктарды кароо комиссиясына сунушталсын.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдүккө алуу жагы айылдык кеңештин регламент, депутаттык этика, жана мандат боюнча, мыйзамдуулукту , укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылат.
4.Токтомду каттоодон ѳткѳрүү жана Тогуз-Торо айыл аймагынын расмий веб-сайтына жарыялоо жагы айыл ѳкмѳтүнүн башчысынын орун басары-жооптуу катчы У.Арыкмолдоевага тапшырылсын.
Тогуз-Торо айылдык кеңешинин төрагасы : |
У. Токтожумаев |