Загрузка документа…
ТОГУЗ-ТОРО АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Тогуз-Торо айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXII чакырылышынын кезектеги XXIX- сессиясынын
2024-жылынын 18-июлунун №38
““Дөдөмөл айылындагы №10 Азамат уулу Калдыбай атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин аянтына жаны курулган кичи футболдук аянтчага ысым ыйгаруу жөнүндө”
Дөдөмөл айылындагы №10 Азамат уулу Калдыбай атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин аянтына жаны курулган кичи футболдук аянтчага Табашов Жолчубектин атын коюу жөнүндө №10 Азамат уулу Калдыбай атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин директору Р.Айдар уулунун 2024-жылдын 11-июнундагы №84 кайрылуу катына ылайык талкуулап Тогуз-Торо айылдык кеңешинин (ХХII шайланышынын) кезектеги чакырылган XXIХ сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Тогуз-Торо районунун билим берүү тармагында 33 жыл эмгектенген эмгеги бааланып, Дөдөмөл айылындагы №10 Азамат уулу Калдыбай атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин аянтына жаны курулган кичи футболдук аянтчага Табашов Жолчубектин ысымы ыйгарылсын.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдүккө алуу жагы айылдык кеңештин регламент, депутаттык этика, жана мандат боюнча, мыйзамдуулукту , укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылат.
3.Токтомду каттоодон ѳткѳрүү жана Тогуз-Торо айыл аймагынын расмий веб-сайтына жарыялоо жагы айыл ѳкмѳтүнүн башчысынын орун басары-жооптуу катчы У.Арыкмолдоевага тапшырылсын.
Тогуз-Торо айылдык кеңешинин төрагасы : |
У. Токтожумаев |