Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 15-июлундагы №36/1
Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2024-жылдагы бюджетинин кээ бир беренелердеги каражаттарды кайра бөлүштүрүү жөнүндө.
Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Ж.Султаналиева, Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн экономика бөлүмүнүн башчысы-башкы эсепчиси А. Расахан уулунун билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңеши
токтом кылат :
1.Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2024-жылдагы бюджетинин бала-бакча раздельинин 22211100 статьясындагы 1150,0 миң сом акча каражатынан учурдагы зарылчылыкка байланыштуу, 70 000 сом Орток айылындагы “Орток-Шамы” бала бакчасына “комфорка-духовка” алууга 311222290 статьясына которулсун, 100 000 сом Кызыл-Дөбө айылынын Эсенбек уулу Аскар көчөсүндөгү электр карагай, чубалгыларын алмаштырууга Кочкор райондук өнүктүрүү фондуна долбоорго 31113290 статьясына которулсун, 100 000 сом Кызыл-Дөбө айылынын түндүк тарабындагы жаңы конушуна жана “Кармоцех” участкасындагы турак үйлөргө электр трансформатор орнотуу, зым карагай тартуу боюнча Кочкор райондук өнүктүрүү фондуна долбоорго 31113290 статьясына которулсун, 100 000 сом Ак-Талаа айылынын Молдо Рысбек көчөсүндөгү электр карагай, чубалгыларын алмаштырууга Кочкор райондук өнүктүрүү фондуна долбоорго 31113290 статьясына которулсун, 100 000 сом Ак-Талаа айылынын мектебине спорттук инвентарларды алууга Нарын облустук өнүктүрүү фондуна долбоорго 31123250 статьясына которулсун, 200 000 сом аппаратка компьютер жабдыктарын алуу үчүн 31123230 статьясына которулсун, 100 000 сом Орток айылындагы мектептин трансформаторун алмаштыруу боюнча Кочкор райондук өнүктүрүү фондуна долбоорго 31113290 статьясына которулсун, 250 000 сом Комсомол айылынын бала бакчасына жылуулук киргизүү боюнча Кочкор райондук өнүктүрүү фондуна долбоорго 31122290 статьясына которулсун, 100 000 сом Кара-Мойнок, Кызыл-Дөбө, Мантыш жана Ак-Талаа айылдарынын бала бакчаларынын айланасын тосууга Кочкор райондук өнүктүрүү фондуна долбоорго 3111 статьясына которулсун.
Ошондой эле 2024-жылдагы бюджетинин бала-бакча раздельинин 22154900 статьясындагы 900,8 миң сом акча каражатынан учурдагы зарылчылыкка байланыштуу, 200 000 сом бала бакчалардын тамак ашына 22181100 статьясына которулсун, 610 800 сом аппараттын аркандай чыгым 22154900 статьясына которулсун, 50 000 сом сот чечимдерин аткарууга 2823110 статьясына которулсун,
Ошондой эле 2024-жылдагы бюджетинин аппарат раздельинин 22211100 статьясындагы 80,0 миң сом акча каражаты аппарат раздельинин 22154900 статьясына которулсун.
Таблица түрүндө төмөндөгүдөй көрсөтүлсүн.
№ | Аталышы | Бөлүм | Берене | Сметадан кыскартуу миң сом | Сметага кошуу миң сом
|
1 | Ар кандай чыгым | Бала-бакча | 2215 | 610,8 | - |
2 | Ар кандай чыгым | Аппарат | 2215 | - | 610,8 |
3 | Ар кандай чыгым | Бала-бакча | 2215 | 200,0 | - |
4 | Тамак аш | Бала-бакча | 2218 | - | 200,0 |
5 | Ар кандай чыгым | Бала- бакча | 2215 | 50,0 | - |
6 | Сот чечимин аткаруу | Аппарат | 2823 | - | 50,0 |
| Бардыгы |
|
| 860,8 | 860,8 |
1 | Имаратты учурдагы оңдоо | Бала-бакча | 2221 | 500,0 |
|
2 | Курулмалар жана имарат жайларды оңдоо | Аппарат | 3111 |
| 500,0 |
3 | Имаратты учурдагы оңдоо | Бала-бакча | 2221 | 620,0 |
|
4 | Механизмдерди жана кеңсе камсыз кылууларды алуу | Аппарат | 3112 |
| 620,0 |
| Бардыгы |
|
| 1120,0 | 1120,0 |
1 | Имаратты учурдагы оңдоо | Аппарат | 2221 | 80,0 |
|
| Ар кандай чыгым | Аппарат | 2215 |
| 80,0 |
| Бардыгы |
|
| 80,0 | 80,0 |
2. Акча каражаттарын эсептеп беренелерге которуу жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы – башкы эсепчиси А. Расахан уулуна милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын ишке ашыруу жана өз максатында жумшоо жагы Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы А. Карбозовго тапшырылсын.
4. Жогоруда көрсөтүлгөн акча каражаттарын тиешелүү беренелерге коюп берүү жагы КР финансы министирлигинин Кочкор финансы башкармалыгынан суралсын.
Төрага: | К. Сапарбек уулу |
|
|