Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 15-июлундагы №36/2
Кара-Суу айыл аймагынын Орток жана Кара-Мойнок айылдарындагы жаңы конуштагы көчөлөргө ат коюу боюнча элдик жыйындын протоколдорун бекитүү жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын географиялык аталыштар жөнүндө" мыйзамынын 7-беренесинин жана КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы №467 токтому менен бекитилгенКыргыз Республикасындагы географиялык объекттерди атоо, алардын аталышын өзгөртүү, географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттоодон өткөрүү тартиби жөнүндө ЖОБОнун 10-пунктунун 4 абзацыны негизинде Орток жана Кара-Мойнок айылдарынын жалпы элдик чогулуштарынын протоколдору менен таанышып жана талкуулап, Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Орток айылынын элдик чогулушунун чечимине ылайык, Орток айылынын “Боз”
участогундагы аты жок көчөсүнө Тиленбаев Токтобектин аты ыйгарылсын.
2. Кара-Мойнок айылынын “Карыпбай” участогундагы аты жок көчөсүнө
Жангабылов Камазбектин аты ыйгарылсын.
3. Каттоодон өткөрүү жагы Кочкор райондук мамлекеттик каттоо башкармалыгынан
суралсын, токтомдун аткарылышын Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы А.Карбозовго милдеттендирилсин.
Төрага: | К. Сапарбек уулу |
|
|