Загрузка документа…
ТОГУЗ-ТОРО АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Тогуз-Торо айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXII чакырылышынын кезектеги XXIX- сессиясынын
2024-жылынын 18-июлунун №42
““Кош-Булак айылына спорт зал куруу жөнүндө”
Тогуз-Торо айыл өкмөт башчысы М.Ж. Олжотоевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Тогуз-Торо айылдык кенешинин (ХХII шайланышынын) кезектеги чакырылган XXIХ сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1.Тогуз-Торо айыл аймагына караштуу Кош-Булак айылынын Ж.Атыканов кѳчѳсүндөгү 0,08га жер тилкесине спорт комплекси курулсун.
2.Белгиленген жер аянтын бир айлык мѳѳнѳттѳ райондук архитектура мекемесинен акт схема алынып, Жер ресурстары кызматынын Тогуз-Торо филиалы мамлекеттик мекемесинен каттоодон өткөрүп мамлекеттик акт алуу жагы айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Тогуз-Торо айылдык кеңешинин бюджет, экономика, мунципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
4.Токтомду каттоодон ѳткѳрүү жана Тогуз-Торо айыл аймагынын расмий веб-сайтына жарыялоо жагы айыл ѳкмѳтүнүн башчысынын орун басары-жооптуу катчы У.Арыкмолдоевага тапшырылсын.
Тогуз-Торо айылдык кеңешинин төрагасы : |
У. Токтожумаев |