Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2024-жылдын 1-июлу ПЖ № 171
Тянь-Шандын Сары-Жаз тоо кыркасынын Түштүк Эңилчек мөңгүсүнүн аймагында жайгашкан 5576 метр бийиктиктеги аты жок тоо чокусуна "Бириккен Улуттар Уюмунун чокусу" деген географиялык аталышты ыйгаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасы менен Бириккен Улуттар Уюмунун өз ара мамилелерин чыңдоо максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесин жетекчиликке алып, токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:
- Тянь-Шандын Сары-Жаз тоо кыркасынын Түштүк Эңилчек мөңгүсүнүн аймагында жайгашкан 5576 метр бийиктиктеги аты жок тоо чокусуна "Бириккен Улуттар Уюмунун чокусу" деген географиялык аталышты ыйгаруу маселесин белгиленген тартипте карасын;
- үч айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын тиешелүү Мыйзамынын долбоорун иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизсин.
2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 2-июлундагы № 49 (3602) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |