Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 15-июлундагы №36/3
Кара-Суу айыл аймагынын Кызыл-Дөбө айылындагы, Кызыл-Дөбө орто мектебине суу менен жылытуучу системасын орнотууну дем берүүчү гранттын эсебинен жүргүзүү жөнүндө
Кара-Суу айыл аймагынын Кызыл-Дөбө айылындагы, Кызыл-Дөбө орто мектебине суу менен жылытуучу системасын орнотууну дем берүүчү гранттын эсебинен 3 000 000 (үч миллион) сомго иштерди аткаруу боюнча демилгелүү топтун лидери Осмонов Айбектин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Өздүк салым үчүн 15% 450 000 (төрт жүз элүү миң) сом айыл өкмөтүнүн
бюджетинен акчалай түрүндө Кызыл-Дөбө орто мектебине суу менен жылытуучу системасын орнотуу долбооруна 2025-жылдын бюджетинин эсебинен которулуп берилсин.
2. Долбоор жактырылгандан кийин акча каражатын которуп берүү жагы Кара-Суу
айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысына милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Суу айылдык Кеңешинин
бюджет, экономика-финансы жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага: | К. Сапарбек уулу |
|
|