Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 15-июлундагы №36/4
Кара-Суу айыл аймагынын Мантыш айылында кичи футбол аянтчасын курууну дем берүүчү гранттын эсебинен жүргүзүү жөнүндө
Кара-Суу айыл аймагынын Мантыш айылында кичи футбол аянтчасын курууну дем берүүчү гранттын эсебинен 3 000 000 (үч миллион) сомго иштерди аткаруу боюнча демилгелүү топтун лидери Расахан уулу Азаттын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Өздүк салым үчүн 15% 450 000 (төрт жүз элүү миң) сом айыл өкмөтүнүн
бюджетинен акчалай түрүндө Мантыш айылында кичи футбол аянтчасын куруу долбооруна 2025-жылдын бюджетинин эсебинен которулуп берилсин.
2. Долбоор жактырылгандан кийин акча каражатын которуп берүү жагы Кара-Суу айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысына милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Суу айылдык Кеңешинин
бюджет, экономика-финансы жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага: | К. Сапарбек уулу |
|
|