Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 1-августу №37/2
"Нарын облусунун Кочкор районунун Кара-Суу айыл аймагынын жер фондусунун инвентаризациялоо материалдарына жүргүзүлгөн корректировкалоо жумуштарынын жыйынтыгын бекитүү жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 18-беренесинин 4-пунктуна ылайык, Кара-Суу айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын 29-июлундагы №160 буйругунун негизинде, “Кыргызмамжердолбоорлоо” мамлекеттик жерге жайгаштыруу боюнча ишканасынын Республикалык топурак агрохимиялык станция филиалы даярдаган Кара-Суу айыл аймагынын жер фондун инвентаризациялоо материалдарына жүргүзүлгөн корректировкалоо жумуштарынын жыйынтыгын карап чыгып, Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Кочкор районун Кара-Суу айыл аймагына караштуу жер фондусунун инвентаризациялоо материалдарына жүргүзүлгөн корректировкалоо боюнча иш кагаздарын жана актысын карап чыгып, даярдалган материалдары бекитилсин.
2. Кара-Суу айыл аймагынын жер фондун инвентаризациялоо материалдарына жүргүзүлгөн корректировкалоо боюнча материалдарын, райондук администрациясына бекитип берүүгө, киргизүү жагы райондук мамлекеттик администрация башчысынын 2023-жылдын 31-июлундагы №292б буйругу менен түзүлгөн жумушчу комиссиядан суралсын.
3. Токтомду көзөмөлдөө жагы Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы А.Карбозовго милдеттендирилсин.
Төрага: | К. Сапарбек уулу |
|
|