АТАЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги VI-сессиясынын
2024-жылынын 29-августунун №45
“Атай айыл аймагынын Кызыл- Октябрь участкасына электр чубалгаларын тартуу үчүн өздүк салым каратуу жөнүндө”
Атай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.К.Жаныбаевдин Атай айыл аймагынын Кызыл-Октябрь участкасына электр чубалгаларын тартуу үчүн өздүк салым каратуу боюнча маалыматын угуп жана талкуулап Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин V шайланган депутаттарынын кезексиз VI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Атай айыл аймагынын Кызыл-Октябрь участкасына электр чубалгаларын тартуу үчүн долбоор жазып, тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жагы инвестиция тартуу боюнча жетектөөчү адис Замирбек кызы Анаркүлгө тапышырылсын.
- Кызыл-Октябрь участкасына электр чубалгаларын тартуу үчүн өздүк салымга жергиликтүү бюджеттен 500 000 (беш жүз миң) сом бөлүп берүү ФЭБ башчысы З.Ташматовко тапшырылсын.
- Кабыл алынган токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
- Жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялоо жана ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү Атай айыл аймагынын айылдык кенешинин жооптуу катчысы Н.Нарматовага милдеттендирилсин.
- Токтомду аткаруу Атай айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы А.К.Жаныбаевке милдеттендирилсин.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, экономика, инвестиция, ишкердик иш жана экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын
Атай айыл аймагынын айылдык Кеңешинин төрагасы : | Н.Т. Жээнбаев |