Загрузка документа…
АТАЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги VI-сессиясынын
2024-жылынын 29-августунун №43
“Атай айыл аймагынын Бирдик айылынын Акматбек көчөсүнүн 870 (сегиз жүз жетимиш) метрине ысык асфальт төшөө үчүн өздүк салым каратуу жөнүндө”
Атай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.К.Жаныбаевдин Бирдик айылынын Акматбек көчөсүнүн 870 (сегиз жүз жетимиш) метрине ысык асфальт төшөө үчүн өздүк салым каратуу боюнча маалыматын угуп жана талкуулап Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин V шайланган депутаттарынын кезексиз VI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бирдик айылынын Акматбек көчөсүнүн 870 (сегиз жүз жетимиш) метрине ысык асфальт төшөө үчүн “Үлүштүк дем берүүчү” мекемесине долбоор даярдап сунуштоо инвестиция тартуу боюнча жетектөөчү адис Замирбек кызы Анаркүлгө тапышырылсын.
2. Ысык асфальт төшөө үчүн өздүк салымга жергиликтүү бюджеттен 675 000 (алты жүз жетимиш беш миң) сом бөлүп берүү ФЭБ башчысы З.Ташматовко тапшырылсын.
3. Кабыл алынган токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
4. Жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялоо жана ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү Атай айыл аймагынын айылдык кенешинин жооптуу катчысы Н.Нарматовага милдеттендирилсин.
5. Токтомду аткаруу Атай айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы А.К.Жаныбаевке милдеттендирилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, экономика, инвестиция, ишкердик иш жана экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын
Атай айыл аймагынын айылдык Кеңешинин төрагасы : |
Н.Т. Жээнбаев |