Загрузка документа…
АТАЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги VI-сессиясынын
2024-жылынын 29-августунун №42
“Атай айыл аймагынын Арал айылына балдар ойноочу аянтча куруу үчүн өздүк салым каратуу жөнүндө”
Атай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.К.Жаныбаевдин Арал айылына балдар ойноочу аянтча куруу үчүн өздүк салым каратуу боюнча маалыматын угуп жана талкуулап Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин V шайланган депутаттарынын кезексиз VI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Арал айылына балдар ойноочу аянтча куруу үчүн “Үлүштүк дем берүүчү” мекемесине долбоор даярдап сунуштоо инвестиция тартуу боюнча жетектөөчү адис Замирбек кызы Анаркүлгө тапышырылсын.
2. Балдар ойноочу аянтча куруу үчүн өздүк салымга жергиликтүү бюджеттен 400 000 (төрт жүз миң) сом бөлүп берүү ФЭБ башчысы З.Ташматовко тапшырылсын.
3. Кабыл алынган токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
4. Жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялоо жана ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү Атай айыл аймагынын айылдык кенешинин жооптуу катчысы Н.Нарматовага милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткаруу Атай айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы А.К.Жаныбаевке милдеттендирилсин.
Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, экономика, инвестиция, ишкердик иш жана экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын
Атай айыл аймагынын айылдык Кеңешинин төрагасы : |
Н.Т. Жээнбаев |