Загрузка документа…
АТАЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги VI-сессиясынын
2024-жылынын 29-августунун №39
“Финансы каражаттарын жылыштыруу жөнүндө”
Атай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы З.Ташматовдун Атай айыл аймагынын Арал айылындагы “Айзирек” бала бакчасы №3 Бейше Үрстөмбеков атындагы мектептин эски имаратына көчүп жаткандыгына байланыштуу, “Айзирек” бала бакчасын көмүр менен камсыз кылуу жана бала бакчадагы балдардын тамактануусуна акча каражатын жылыштыруу боюнча кайрылуусун угуп жана талкуулап Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин V шайланган депутаттарынын кезексиз VI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Атай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн аппараттын 2111 беренесинен жалпы 330 000 (үч жүз отуз миң) сом төмөндөгүдөй жылдырылып берилсин:
а) Атай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Арал айылындагы “Айзирек” бала бакчасы электр энергиясы менен жылытуудан, от казан менен жылытууга өткөрүүдө көмүр менен камсыз кылуу үчүн билим берүү уюмунун 2224 беренесине 90 000 (токсон миң) сом,
б) Саке-Бий бала бакчасынын полун жаңыртууга линолеум алып берүүгө жана ар кандай чарбалык чыгымдар үчүн мектептин 2222 беренесине 50 000 (элүү миң) сом
в) Саймалуу -Таш орто мектебине акылдуу коңгуроо алып берүүгө 15 000 (он беш миң) сом жана ар кандай чарбалык чыгымдар үчүн үчүн мектептин 2222 беренесине 65 000 (алтымыш беш миң) сом
г) №3 Бейше Үрстөмбеков атындагы орто мектебине кошумча көмүр алуу үчүн 125 000 (жүз жыйырма беш миң) сом акча каражаты билим берүү уюмунун 2224 беренесине жылдырылып берилсин.
2. Бала бакчадагы балдардын тамактануусун камсыз кылуу максатында, мектепке чейинки билим берүү уюмунун атайын эсебинин 2218 беренесине 800 000 (сегиз жүз миң) сом кошумча план кылып бекитилсин.
3. Финансы каражаттарын бир беренеден экинчи беренеге которуу жагы ФЭБ башчысы З.Ташматовко милдеттендирилсин.
4. Кабыл алынган токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
5. Жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялоо жана ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү Атай айыл аймагынын айылдык кенешинин жооптуу катчысы Н.Нарматовага милдеттендирилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысы А.К.Жаныбаевке жана бюджет, экономика, инвестиция, ишкердик иш жана экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын
Атай айыл аймагынын айылдык Кеңешинин төрагасы : |
Н.Т. Жээнбаев |