АТАЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги VI-сессиясынын
2024-жылынын 29-августунун №38
“Атай айыл аймагынын Арал айылындагы М.Жунушалиев атындагы маданият үйүнүн ички бөлмөлөрүн капиталдык ремонттон өткөрүү жөнүндө”
Атай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.К.Жаныбаевдин кайрылуусун угуп жана талкуулап Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин V шайланган депутаттарынын кезексиз VI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Атай айыл аймагынын Арал айылындагы М. Жунушалиев атындагы маданият үйүнүн ички бөлмөлөрүн капиталдык ремонттон өткөрүү боюнча Тогуз-Торо райондук өнүктүрүү фондусу мекемесине долбоор сунушталсын.
2. Керектүү документтирин толуктап, долбоор жазуу жагы инвестиция тартуу боюнча жетектөөчү адис Замирбек кызы Анаркүлгө тапышырылсын.
3. Аталган токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
4. Жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялоо жана ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү Атай айыл аймагынын айылдык кенешинин жооптуу катчысы Н.Нарматовага милдеттендирилсин.
5. Токтомду аткаруу Атай айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы А.К.Жаныбаевке милдеттендирилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, экономика, инвестиция, ишкердик иш жана экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Атай айыл аймагынын айылдык Кеңешинин төрагасы : |
Н.Т. Жээнбаев |