Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2024-жылдын 27-сентябры № 590-т
Кыргыз Республикасын андан ары социалдык-экономикалык өнүктүрүү максатында, "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 251-беренесине, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 23-августундагы № 148 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча жер казынасын пайдалануу укугун берүү тартибин бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Жер казынасын пайдалануу укугун Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча берүү тартибине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу "Кыргызгеология" мамлекеттик ишканасына төмөнкүлөрдү жүргүзүү үчүн жер казынасын пайдалануу укугу берилсин:
1) тик бурчтуу координаттар системасындагы бурчтук чекиттери бар, Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Алай районунда жайгашкан "Көк-Суу" алтын аянтында геологиялык-издөө иштерин 1-тиркемеге ылайык;
2) тик бурчтуу координаттар системасындагы бурчтук чекиттери бар, Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Алай районунда жайгашкан "Ак-Босого" алтын аянтында геологиялык-издөө иштерин 2-тиркемеге ылайык.
2 Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президентинин жана Министлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |
| 1-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Алай районунда
жайгашкан "Көк-Суу" алтын аянтында геологиялык-издөө
иштерин жүргүзүү үчүн тик бурчтуу координаттар
системасындагы бурчтук чекиттер
Бурчтук чекиттердин тик бурчтуу координаттары | ||
Чекиттер № | X | Y |
1 | 13399330 | 4390407 |
2 | 13395743 | 4388240 |
3 | 13394855 | 4382369 |
4 | 13376876 | 4374535 |
5 | 13383633 | 4386500 |
6 | 13397800 | 4392025 |
Аянты 14155,7 га | ||
| 2-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Алай районунда
жайгашкан "Ак-Босого" алтын аянтында геологиялык-издөө
иштерин жүргүзүү үчүн тик бурчтуу координаттар
системасындагы бурчтук чекиттер
Бурчтук чекиттердин тик бурчтуу координаттары | ||
Чекиттер № | X | Ү |
1 | 13348562 | 4403381 |
2 | 13356672 | 4414221 |
3 | 13359217 | 4415276 |
4 | 13367921 | 4406957 |
5 | 13357447 | 4399589 |
6 | 13351936 | 4399636 |
Аянты 16843,4 га | ||