Загрузка документа…
ОРЛОВКА ШААРЫНЫН КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Орловка шаарынын кеңешинин ХХVIII чакырылышынын XXXIV кезексиз сессиясы
2024-жылдын 30-июлу № 164/32-28
№ 7012, № 7013, № 7014, № 7015 Кыргыз Республикасынын шайлоолорун жана референдумдарын өткөрүү боюнча участкалык шайлоо комиссияларынын сапаттык курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жана резервдерин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Кемин, Токмок жана Чүй аймактык шайлоо комиссияларындагы атайын өкүлүнүн 2024-жылдын 15-июлундагы № 11-1/4 катынын негизинде, ошондой эле участкалык шайлоо комиссияларынын айрым төрагаларынын жана мүчөлөрүнүн баш тартуусуга байланыштуу жана «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, Орловка шаарынын кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Участкалык шайлоо комиссияларынын негизги курамына тиркемеге ылайык өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин.
2. Кыргыз Республикасынын шайлоолорун жана референдумдарын өткөрүү үчүн № 7012, № 7013, № 7014, № 7015 участкалык шайлоо комиссияларынын резервдери тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Орловка шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси Г.И.Карагуловага жүктөлсүн.
Төрага | М.И.Токтакунов |