Загрузка документа…
ОРЛОВКА ШААРЫНЫН КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Орловка шаарынын кеңешинин ХХVIII чакырылышынын XXXIII кезексиз сессиясы
2024-жылдын 12-августу № 166/33-28
Орловка шаарынын мэриясынын жер фондунун инвентаризация материалдарын бекитүү жөнүндө
"Кыргызгипрозем" жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институту тарабынан берилген Орловка шаарынын мэриясынын жер фондунун инвентаризация материалдарын карап жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 18-беренесинин 2-пунктун жетекчиликке алып, Орловка шаарынын кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Кыргызгипрозем» жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институтунун жумушчу тобу тарабынан берилген жер фондунун инвентаризация материалдары бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Орловка шаарынын кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана Орловка шаарынын мэри Б.А.Чанчаровго жүктөлсүн.
Төрага | М.И.Токтакунов |