Загрузка документа…
ОРЛОВКА ШААРЫНЫН КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Орловка шаарынын кеңешинин ХХVIII чакырылышынын XXXIII кезексиз сессиясы
2024-жылдын 12-августу № 169/33-28
2024-жылга жайыттарды пайдалануу үчүн тарифтерди бекитүү жөнүндө
Орловка шаарынын Жайыт комитетинин төрагасы - Д.С.Сарбаевдин «2024-жылга жайыттарды пайдалануу үчүн тарифтерди бекитүү жөнүндө» катын карап жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамын жетекчиликке алып,Орловка шаарынын кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мал жаюуга мурда бекитилген тарифтер өзгөртүүсүз калтырылсын.
2. Жайыттарды башка максаттарда пайдалануу үчүн тариф 1 (бир) гектарга 1000 (бир миң) сом өлчөмүндө бекитилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Орловка шаарынын мэриясынын финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысына жүктөлсүн.
Төрага | М.И.Токтакунов |