Загрузка документа…
ОРЛОВКА ШААРЫНЫН КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Орловка шаарынын кеңешинин ХХVIII чакырылышынын XXXIII кезексиз сессиясы
2024-жылдын 12-августу № 170/33-28
Орловка-Бишкек-Орловка каттамындагы жол кире баасынын тарифин жогорулатуу маселени кароо жөнүндө
Орловка-Бишкек-Орловка каттамындагы жол кире баасын тарифин жогорулатуу жөнүндө «Маресалик», «Олимп», «Марат» жоопкерчилиги чектелген коомдордон келип түшкөн кайрылуусун карап жана талкуулап чыгып, калкты үзгүлтүксүз коомдук транспорт менен камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамын жетекчиликке алып,Орловка шаарынын кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Орловка-Бишкек-Орловка каттамындагы жол киренин баасын бир адамга (бир орунга) 150 (жүз элүү) сом менен макулдашылсын.
2. Бул ишканалар Орловка-Бишкек-Орловка маршруту боюнча калкты белгиленген график жана тарифтер боюнча үзгүлтүксүз жүргүнчүлөрдү ташууну камсыздасын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Орловка шаарынын кеңешинин өнөр жай боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына тапшырылсын.
Төрага | М.И.Токтакунов |