Загрузка документа…
ОРЛОВКА ШААРЫНЫН КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Орловка шаарынын кеңешинин ХХVIII чакырылышынын XXXIV кезексиз сессиясы
2024-жылдын 9-сентябры № 173/34-28
«Орловка жылуулук менен жабдуу» муниципалдык ишкана түзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 3-апрелиндеги ПЖ № 89 “Отун-энергетикалык комплексинин айрым маселелери жөнүндө” Жарлыгын аткаруу максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 02-июлундагы “Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу «Кыргызжылуулукэнерго» мамлекеттик ишканасын кайра уюштуруу жөнүндө” №345 токтомун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамынын 6-беренесине, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамына ылайык жана Орловка шаарынын кеңешинин 2024-жылдын 07-июнундагы “Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу «Кыргызжылуулукэнерго» Мамлекеттик ишканасынын филиалы “Орловкадагы жылуулук менен камсыз кылуучу ишканасынын” мүлк комплексин Орловка шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине кабыл алуу жөнүндө” № 155/31-28 токтомунун негизинде, Орловка шаарынын кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Орловка жылуулук менен жабдуу» аталышында муниципалдык ишкана түзүлсүн.
2. «Орловка жылуулук менен жабдуу» муниципалдык ишканасынын макулдашылган Уставы бекитилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу «Орловское жылуулук менен жабдуу ишканасы» мамлекеттик ишканасына тиешелүү мүлк комплекси (активдер, материалдык-техникалык база), штаттык саны кабыл алуу-өткөрүү актыга ылайык Орловка шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине кабыл алынсын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте “Орловка жылуулук менен жабдуу” муниципалдык ишканасынын чарбалык башкаруусуна өткөрүлүп берилсин.
4. Орловка шаарынын мэриясы Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу «Орловское жылуулук менен жабдуу ишканасы» мамлекеттик ишканасынын кредитордук милдеттерине жоопкерчилигин албайт деп белгиленсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Орловка шаарынын мэри жана «Орловка жылуулук менен жабдуу» муниципалдык ишкананын директоруна жүктөлсүн.
Төрага | Токтакунов М.И. |