Загрузка документа…
ОРЛОВКА ШААРЫНЫН КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Орловка шаарынын кеңешинин ХХVIII чакырылышынын XXXIV кезексиз сессиясы
2024-жылдын 9-сентябры № 174/34-28
«Жамайка» ичүүчү сууну керектөөчүлөрдүн айылдык коомдук бирикмесинин мүлк комплексин, Подгорное айылындагы бардык ичүүчү суу тутумун жана суу мунарасын, Орловка шаарынын мэриясынын сугат суу системасын жана күнүмдүк жөнгө салуу бассейнин “Орловка суу каналы” муниципалдык ишканасынын балансына өткөрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34,39-беренелерине жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамына ылайык, ошондой эле Орловка шаарынын мэриясынын юристи С.Ж.Ражаповдун жана чыгашалар боюнча башкы адис- материалдык бухгалтери М.Н.Докалюктун маалыматын угуп жана талкуулап чыгып, Орловка шаарынын кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Орловка шаарынын мэриясы «Жамайка» ичүүчү сууну керектөөчүлөрдүн айылдык коомдук бирикмесинин мүлк комплексин, Подгорное айылындагы бардык ичүүчү суу тутумун жана суу мунарасын, Орловка шаарынын мэриясынын сугат суу системасын жана күнүмдүк жөнгө салуу бассейнин “Орловка суу каналы” муниципалдык ишканасынын балансына өткөрүп берсин.
2. Орловка шаарынын мэриясынын социалдык-экономикалык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы Л.А.Абасова аталган объектилерди өткөрүп берүү боюнча бардык тийиштүү чараларды жүргүзсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Орловка шаарынын мэриясынын социалдык-экономикалык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы Л.А.Абасовага жүктөлсүн.
Төрага | М.И. Токтакунов |