Загрузка документа…
ОРЛОВКА ШААРЫНЫН КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Орловка шаарынын кеңешинин ХХVIII чакырылышынын XXXIV кезексиз сессиясы
2024-жылдын 9-сентябры № 175/34-28
“Орловка суу каналы” муниципалдык ишкана тарабынан жалпы суммасы 2 684 765 (эки миллион сексен төрт миң жети жүз алтымыш беш) сом түзгөн «Окторкойдогу насостук станциялар үчүн турак жай контейнерлерин сатып алуу» жана «Каптоочу түтүктөрдү сатып алуу» долбоорлору боюнча өнүктүрүү фонддорго өтүнмөлөрдү тапшыруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарына ылайык, ошондой эле “Орловка суу каналы” муниципалдык ишканасынын директору Т.А.Тентиевдин маалыматын угуп жана талкуулап чыгып, Орловка шаарынын кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Орловка суу каналы” муниципалдык ишкана тарабынан жалпы суммасы 2 684 765 (эки миллион сексен төрт миң жети жүз алтымыш беш) сом түзгөн «Окторкойдогу насостук станциялар үчүн турак жай контейнерлерин сатып алуу» жана «Каптоочу түтүктөрдү сатып алуу» долбоорлору боюнча өнүктүрүү фонддорго өтүнмөлөрдү тапшырууга макулдук берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө “Орловка суу каналы” муниципалдык ишканасынын директору Т.А.Тентиевге жүктөлсүн.
Төрага | Токтакунов М.И. |