Загрузка документа…
ОРЛОВКА ШААРЫНЫН КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Орловка шаарынын кеңешинин ХХVIII чакырылышынын XXXIV кезексиз сессиясы
2024-жылдын 9-сентябры № 176/34-28
Орловка шаарынын Кутузов көчөсү №24 дарегинде жашаган Токтакунов Исагулдун онкологиялык оорусу-бронхиалдык рак оорусуна байланыштуу дарылоого материалдык жардам көрсөтүү жөнүндө арызын кароо тууралуу
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарына ылайык, ошондой эле Орловка шаарынын кеңешинин төрагасы М.И.Токтакуновдун маалыматын угуп жана талкуулап чыгып, бюджет жана финансы боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын чечимин эске алуу менен, Орловка шаарынын кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Орловка шаарынын мэриясы Орловка шаарынын Кутузов көчөсү №24 дарегинде жашаган онкологиялык оору - бронхиалдык рак оорусуна рак илдетине чалдыккан Токтакунов Исагулду дарылоого материалдык жардам көрсөтүү үчүн 100 000 (жүз миң) сом өлчөмүндө акча-каражат табылсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Орловка шаарынын мэриясынын социалдык-экономикалык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы Л.А.Абасовага жүктөлсүн.
Төрага | М.И. Токтакунов |