Загрузка документа…
ОРЛОВКА ШААРЫНЫН КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Орловка шаарынын кеңешинин ХХVIII чакырылышынын XXXIV кезексиз сессиясы
2024-жылдын 9-сентябры № 177/34-28
Орловка шаарынын Веселая көчөсү №31 үйүнүн №70 батиринде жашаган Абдрахманов Улан Жекшеновичтин жамбаш менен кашка жиликтин ашташын дарылоо үчүн материалдык жардам көрсөтүү жөнүндө арызын кароо тууралуу
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарына ылайык, ошондой эле Орловка шаарынын кеңешинин депутаты Н.Ш.Галиевдин маалыматын угуп жана талкуулап чыгып, бюджет жана финансы боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын чечимин эске алуу менен, Орловка шаарынын кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Орловка шаарынын Веселая көчөсү №31 үйүнүн №70 батиринде жашаган Абдрахманов Улан Жекшеновичтин жамбаш менен кашка жилигинин ашташын дарылоо үчүн материалдык жардам көрсөтүүгө 50 000 (элүү миң) сом өлчөмүндө акча-каражат табылсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Орловка шаарынын мэриясынын социалдык-экономикалык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы Л.А.Абасовага жүктөлсүн.
Төрага | М.И. Токтакунов |