Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2024-жылдын 23-сентябры № 570-т
Мүлктү натыйжалуу пайдалануу жана жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн толуктоо максатында, Каракол шаардык кеңешинин 2024-жылдын 25-июнундагы № 28-45/1 "Каракол шаарынын муниципалдык менчигине кыймылсыз мүлк жана курулмалары бар жер тилкесин кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө", 2024-жылдын 25-июнундагы № 28-45/3 "Ак-Тилек" базарын Каракол шаарынын муниципалдык менчигине кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө" токтомдорун эске алуу менен, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-июлундагы № 405 "Мамлекеттик мүлктү муниципалдык менчикке өткөрүп берүүнүн тартибин бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Мамлекеттик мүлктү муниципалдык менчикке өткөрүп берүүнүн тартибине, "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-статьясына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик белгиленген тартипте Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине муниципалдык базарларды уюштуруу үчүн мамлекеттик менчикте турган төмөнкүдөй объекттерди өткөрүп берсин:
1) Кыргыз Республикасы, Ысык-Көл облусу, Каракол шаары, Госмельница көчөсү, 1 дарегинде жайгашкан ченеми 56800,0 кв.м жер участогунда жайгашкан аянты 400,54 кв.м мал базардын мүлктүк комплекси (идентификациялык номери 2-01-01-0180-0149);
2) Кыргыз Республикасы, Ысык-Көл облусу, Каракол шаары дарегинде жайгашкан "Ак-Тилек" базарынын мүлктүк комплекси:
- Алдашев/Дербишев көчөсүндөгү аянты 656,0 кв.м жер участогу (идентификациялык номери 2-01-01-0065-0218);
- Алдашев/Торгоев көчөсүндөгү аянты 300,0 кв.м жер участогу (идентификациялык номери 2-01-01-0065-0219);
- Торгоев, 40 көчөсүндөгү аянты 26748,90 кв.м жер участогу (идентификациялык номери 2-01-01-0065-0272);
- Дербишев/Алдашев көчөсүндөгү аянты 1200,0 кв.м жер участогу (идентификациялык номери 2-01-01-0065-0206);
- Торгоев, 40/10 көчөсүндөгү аянты 212,70 кв.м жер участогу (идентификациялык номери 2-01-01-0065-0271).
2. Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын мэриясына белгиленген тартипте төмөнкүлөр сунушталсын:
1) бул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн объекттерди муниципалдык менчикке кабыл алуу;
2) жогоруда көрсөтүлгөн өткөрүп берилүүчү объекттерди мамлекеттик кайра каттоону жүргүзүү;
3) жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен жогоруда көрсөтүлгөн өткөрүп берилүүчү объекттерди күтүүнү жана тейлөөнү талаптагыдай камсыз кылуу;
4) ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн объекттерди андан ары ээликтен ажыратпоо жана аларды максаттуу багыты боюнча пайдалануу.
3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А. У.Жапаров |