Редакцияот 01.10.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

2024-жылдын 1-октябры ПЖ № 277

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын дайындоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 4-бөлүгүнүн 3-пунктуна, 95-беренесинин 8-бөлүгүнүн экинчи абзацына, "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 25-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык жана Кыргыз Республикасынын айрым жергиликтүү сотторунун судьяларынын кызмат орундарына талапкерлер жөнүндө Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин сунушу боюнча токтом кылам:

1. 2024-жылдын 12-сентябрынан тартып курагынын чегине жеткенге чейин төмөнкүлөр Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьялары болуп дайындалсын:

- Абдырахманов Урматбек Аманович;

- Дубанаев Кубатбек Султанмуратович;

- Кулмурзаев Манасбек Каримович;

- Саадабаева Чынара Муратбековна;

- Самаков Нурмат Талантбекович;

- Сайдылдаева Жылдыз Бейшеналиевна;

- Тажибаев Нурбек Рашидович;

- Усакпаева Гульзат Каныбековна;

- Шаршеева Алтынай Чубаковна.

2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

С.Н. Жапаров