Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 27-сентябры № 590
Жогорку кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмдарынын ишин жөнгө салган ченемдик укуктук актыларды бекитүү жөнүндө
Мыйзам алдындагы ченемдик укуктук актыларды "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 4-пунктуна ылайык келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Академиялык кредиттерди колдонуу менен жогорку кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмдарында окуу процессин уюштуруу жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;
2) Кыргыз Республикасынын жогорку кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмдарынын билим алуучуларын которуу, окуудан чыгаруу, окууга калыбына келтирүү жана академиялык өргүү берүү тартиби жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык;
3) Кыргыз Республикасынын жогорку кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмдарынын билим алуучуларын учурдагы контролдоо жана орто аралык аттестациялоо жөнүндө жобо 3-тиркеме ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-майындагы № 346 "Кыргыз Республикасынын жогорку жана орто кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмдарынын ишин жөнгө салган нормативдик укуктук актыларды бекитүү жөнүндө" токтомунун 1-пунктунун алтынчы жана он биринчи абзацтары күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Бул токтомдун ченемдери жогорку кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмдарында окуу процессин уюштуруу үчүн төмөнкүлөргө колдонулат деп белгиленсин:
- 2025-2026-окуу жылынын биринчи курсунун студенттерине;
- кийинки окуу жылдарында окууга кабыл алынган студенттерге.
4. Бул токтомду ишке ашыруу менен байланышкан чыгымдар министрликтердин жана ведомстволордун каражаттарынын чегинде, ошондой эле жогорку кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмдарынын каражаттарынын эсебинен ишке ашырылсын.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 27-сентябрындагы № 77 (3631) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У. Жапаров |