Загрузка документа…
|
| 2-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 27-сентябрындагы № 590 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын жогорку кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмдарынын билим алуучуларын которуу, окуудан чыгаруу, окууга калыбына келтирүү жана академиялык өргүү берүү тартиби жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын жогорку кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмдарынын (мындан ары - билим берүү уюму) билим алуучуларын которуу, окуудан чыгаруу, окууга калыбына келтирүү жана академиялык өргүү берүү жол-жоболоруна карата жалпы талаптарды белгилейт.
2. Бул Жобо аккредитациясы бар билим берүү уюмдарына колдонулат.
2. Билим алуучуларды бир билим берүү уюмунан башкасына которуу тартиби
3. Билим алуучуларды которуу жайкы же кышкы каникул мезгилинде, билим алуучуну кызыктырган адистик/багыт боюнча бош орундар болгондо ишке ашырылат.
4. Билим берүү уюму билим алуучу которулуп жаткан окуу жылына жана окутуу формасына, билим берүү программасынын түрүнө байланыштуу чектөөлөрдү белгилебейт.
5. Билим алуучунун республикалык бюджеттин эсебинен билим алуусунун жалпы узактыгы билим берүү программасын өздөштүрүү үчүн билим берүү уюму тарабынан кабыл алынган окуу планында белгиленген мөөнөттөн ашпоого тийиш.
6. Аккредитацияланбаган билим берүү уюмдарында билим алган жарандарды аккредитацияланган билим берүү уюмдарына окутуунун каалаган формасына которуу экстернат формасында аттестациялоо укугу ишке ашырылгандан кийин жүзөгө ашырылышы мүмкүн, экстернат формасында окутууга жол берилбеген жогорку кесиптик билим берүүнүн адистиктеринен/багыттарынан тышкары.
7. Билим берүү уюму кайра уюштурулган, жоюлган учурда билим алуучуларды которуу билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен биргеликте уюштуруучу(лар) тарабынан камсыз кылынат.
8. Билим алуучуларды биринчи окуу жылында которууга биринчи семестр ийгиликтүү аяктагандан кийин жол берилет (Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Советтер Союзунун Баатыры генерал-лейтенант К.Үсөнбеков атындагы Аскер институтунун жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Милициянын генерал-майору Алиев Эргеш Алиевич атындагы академиясына мамлекеттик билим берүү грантына кабыл алынган билим алуучуларды кошпогондо). Мында өздөштүрүлгөн академиялык кредиттердин минималдуу саны 30дан кем болбошу керек. Акыркы окуу жылында билим алуучуларды которууга жол берилбейт.
9. Окуунун наркын төлөө келишими боюнча билим алуучуларды республикалык бюджеттин эсебинен каржылануучу орундарга которуу жүргүзүлбөйт.
10. Билим алуучуну билим алууну улантуу үчүн бир билим берүү уюмунан башкасына, анын ичинде бир адистиктин/багыттын билим берүү программасынан башкасына өтүү менен коштолгон окутуунун бардык формалары боюнча которуу, ошондой эле аларды алмаштыруу билим алуучунун жеке арызы боюнча жүзөгө ашырылат.
Арыз билим алуучуну аттестацияга киргизүү жөнүндө чечим кабыл алуу үчүн ректорго (проректорго) жиберилет. Арызга зачеттук китепченин/транскрипттин көчүрмөсү тиркелет.
11. Билим алуучуну которуу аттестациянын негизинде жүргүзүлөт. Аттестациялоо аттестациялык комиссия тарабынан зачеттук китепченин/транскрипттин көчүрмөсүн карап чыгуу менен жүргүзүлөт. Аттестациялык комиссиянын курамы жана ишинин регламенти билим берүү уюму тарабынан аныкталат. Натыйжалуу ишти уюштуруу үчүн билим берүү уюмунда аттестациялык комиссиялар тектеш адистиктер же багыттар боюнча түзүлүүгө тийиш. Аттестациялык комиссиянын чечимдери протокол менен таризделет.
12. Аттестациялык комиссия билим алуучунун арызын ал берилген учурдан тартып 10 жумуш күндүн ичинде, бирок окуу сабактары башталганга чейин кароого тийиш.
13. Аттестациянын жыйынтыгы боюнча академиялык айырма алынган академиялык кредиттерге ылайык транскрипттин/баалоо барактарынын негизинде, окутулган дисциплиналардын аннотациясын берүү менен белгиленет. Академиялык айырма академиялык кредиттер менен аныкталат жана билим алуучунун жекече окуу планына кошумча киргизилет. Мында кабыл алуучу билим берүү уюму тарабынан билим берүү программасынын мазмунуна (багыттын/адистиктин маалымат пакетине) жараша академиялык кредиттер валидацияланышы/зачеттолушу мүмкүн.
14. Которуу жөнүндө маселе оң чечилгенде (билим алуучунун бекитилген жекече окуу планы бар болсо) кабыл алуучу билим берүү уюму билим алуучуга маалымкат берет. Билим алуучу аталган маалымкатты өзү окуп жаткан билим берүү уюмуна которууга байланыштуу окуудан чыгарылгандыгы тууралуу жана которууга байланыштуу академиялык маалымкатты жана билим берүү уюмуна окууга кабыл алынгандыгы тууралуу документин берүү жөнүндө жазуу жүзүндөгү арызды тапшырат. Билим алуучу берген маалымкаттын жана арызынын негизинде билим алуучу которулуп жаткан билим берүү уюмунун ректору арыз берилген күндөн тартып 10 жумуш күндүн ичинде "... которулгандыгына байланыштуу окуудан чыгарылды" деген жазуу менен аны окуудан чыгаруу жөнүндө буйрук чыгарат. Билим алуучунун өздүк делосунан анын негизинде билим берүү уюмуна кабыл алынган билими жөнүндө документ (мындан ары - билими жөнүндө документ) берилет, ошондой эле академиялык маалымкат таризделет жана берилет. Өздүк делодо билими жөнүндө документтин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү жана которууга байланыштуу окуудан чыгаруу жөнүндө буйруктун көчүрмөсү, ошондой эле билим алуучу тапшырган студенттик билет жана зачеттук китепчеси калат.
15. Билим алуучуну которууга байланыштуу билим берүү уюмуна кабыл алуу жөнүндө буйрук ректор тарабынан билими жөнүндө документти жана академиялык маалымкатты алгандан кийин чыгарылат (тиешелүү окуу бөлүмүнүн жетекчиси зачеттук китепченин/транскрипттин/баалоо баракчасынын көчүрмөсү академиялык маалымкатка туура келерин текшерет), алар билим алуучунун жеке арызына тиркелет. Документтерди алганга чейин ректор билим алуучуну өзүнүн буйругу менен сабактарга киргизүүгө укуктуу.
Которуу жөнүндө буйрукта билим алуучунун жекече окуу планын бекитүү жөнүндө жазуу камтылууга тийиш.
16. Билим берүү уюмунда билим алуучунун жаңы өздүк делосу түзүлөт жана эсепке алынат, ага которуу жөнүндө арыз, академиялык маалымкат, билими жөнүндө документ жана которуу тартибинде кабыл алуу жөнүндө буйруктун көчүрмөсү киргизилет.
3. Билим алуучуларды билим берүү уюмунун ичинде которуу тартиби
17. Билим берүү уюмунун ичинде билим алуучунун бир билим берүү программасынан башкасына өтүүсү (анын ичинде окутуунун формасын өзгөртүү менен) семестр аяктагандан кийин, кызыктырган адистик/багыт боюнча бош орундар болгондо ушул Жобого ылайык (ушул Жобонун 14 жана 15-пункттарын кошпогондо) билим алуучунун жеке арызы боюнча жана зачеттук китепчесин/транскриптин көрсөтүү менен ишке ашырылат.
18. Эгерде билим алуучу уюм менен келишим боюнча билим алган болсо, анда аны которууга уюмдун макулдугу берилүүгө тийиш.
4. Билим алуучуларды окуудан чыгаруу тартиби
19. Билим алуучу билим берүү уюмунан өзүнүн демилгеси боюнча жеке арызынын негизинде төмөнкү учурларда чыгарылышы мүмкүн:
- өз каалоосу боюнча (конкреттүү себептерин көрсөтпөстөн);
- башка билим берүү уюмуна өткөндүгүнө байланыштуу;
- оорусуна байланыштуу (медициналык мекеменин маалымкатынын негизинде);
- үй-бүлөлүк шартка байланыштуу.
20. Администрациянын демилгеси менен окуудан чыгаруу тиешелүү окуу бөлүмүнүн жетекчисинин билдирүүсү боюнча ректордун буйругу менен жүзөгө ашырылат:
- билим берүү уюму тарабынан белгиленген эрежелерге ылайык талап кылынуучу академиялык кредиттерди толук топтой албагандыкка байланыштуу академиялык карыздары үчүн;
- окуу тартибин бузгандыгы үчүн (окуу процессинин графигин аткарбоо, билим берүү уюму менен байланышты үзүү, мөөнөтү бүткөндөн кийин академиялык өргүүдөн чыкпай коюу);
- ички тартип эрежелерин, жатаканада жашоо эрежелерин бузгандыгы үчүн;
- жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациядан өтпөгөндүгүнө байланыштуу;
- мыйзамга туура келбеген аракеттерди кылгандыгы үчүн билим алуучу эркиндигинен ажыратууга соттолгон же окууну улантууга мүмкүн болбогон башка жазага тартылган сот өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргенден кийин;
- окутууга кеткен чыгымдардын орду толтурулбагандыгына байланыштуу.
Администрациянын демилгеси боюнча окуудан чыгарууда билим алуучуга окуудан чыгаруунун себептери жана мөөнөттөрү жөнүндө милдеттүү түрдө жазуу жүзүндө билдирилет.
21. Окуудан чыгарууда билим алуучуга билими жөнүндө документтин түп нускасы жана анын талабы боюнча белгиленген үлгүдөгү академиялык маалымкат берилет.
5. Билим алуучулардын катарына окууга калыбына келтирүү тартиби
22. Окууга калыбына келтирүү семестр аяктагандан кийин билим алуучуну кызыктырган адистик/багыт боюнча орундар болгондо, билим алуучунун жеке арызы боюнча жана академиялык маалымкат берилгенде ишке ашырылат. Билим алуучу окуудан чыгарылган билим берүү уюмунда да, ошондой эле башка билим берүү уюмунда да окууга калыбына келтирилүүгө укуктуу. Мурда ошол эле билим берүү уюмунан окуудан чыгарылган билим алуучуларды окууга калыбына келтирүү мүмкүнчүлүгү билим алуучунун окуу карточкасынын/транскриптинин негизинде каралат.
23. Билим алуучуну окууга калыбына келтирүү аттестациянын жыйынтыгы боюнча жүзөгө ашырылат. Аттестация аттестациялык комиссия тарабынан академиялык маалымкатты/транскриптти кароо менен жүргүзүлөт.
24. Окууга калыбына келтирүүдө мурда окуган дисциплиналардын академиялык кредиттери аттестациянын жана окуу дисциплиналарынын аннотациясын берүүнүн негизинде кайра зачеттолушу мүмкүн. Мында академиялык кредиттердин минималдуу саны 30дан кем болбошу керек.
Академиялык айырма академиялык кредиттер менен аныкталат жана билим алуучунун жекече окуу планына кошумча киргизилет.
25. Тиешелүү окуу бөлүмү тарабынан билим алуучунун жаңы өздүк делосу түзүлөт, ага окууга калыбына келтирүү жөнүндө арыз, академиялык маалымкат, билими жөнүндө документ, окууга калыбына келтирүү тартибинде кабыл алуу жөнүндө буйруктун көчүрмөсү, жекече окуу планы киргизилет. Билим алуучуга студенттик билет жана зарыл учурда зачеттук китепче берилет.
26. Аккредитациясы жок бир билим берүү уюмунан окуудан чыгарылган билим алуучу ушул Жобого ылайык башка билим берүү уюмуна окууга калыбына келтирилиши мүмкүн.
6. Билим алуучуларга академиялык өргүү берүү тартиби
27. Академиялык өргүү билим алуучуларга ден соолугунун абалына, баланын төрөлүшүнө, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнө чакырылышына байланыштуу жана үй-бүлөлүк жана башка жагдайлар, анын ичинде билим алууну улантууга мүмкүнчүлүк бербеген табигый кырсыктар менен байланышкан башка учурларда берилет.
28. Академиялык өргүү эң көп эки семестрге жана бүтүндөй окуу мезгилинде бир гана жолу берилиши мүмкүн.
29. Билим алуучуга медициналык көрсөткүчтөр боюнча академиялык өргүү берүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө корутунду билим алуучуга туруктуу байкоо жүргүзүлгөн жердеги мамлекеттик саламаттык сактоо мекемеси, анын ичинде студенттик бейтапкана тарабынан берилет.
30. Билим алуучуга академиялык өргүү берүү жөнүндө чечим билим берүү уюмунун жетекчиси тарабынан кабыл алынат. Буйрук чыгаруу үчүн негиз болуп төмөнкүлөр саналат:
- медициналык көрсөткүчтөр боюнча - билим алуучунун жеке арызы жана мамлекеттик саламаттык сактоо мекемесинин корутундусу;
- башка учурларда - билим алуучунун жеке арызы жана себебин көрсөтүү менен академиялык өргүү алуу үчүн негизди ырастаган тиешелүү документ.
31. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Советтер Союзунун Баатыры генерал лейтенант К.Үсөнбеков атындагы Аскер институтунун жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Милициянын генерал-майору Алиев Эргеш Алиевич атындагы академиясынын билим алуучуларына академиялык өргүү берилбейт.
32. Эгерде өкмөттөр аралык жана ведомстволор аралык макулдашууларда башкача каралбаса, республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен жана окуунун наркын төлөө келишими боюнча билим берүү уюмунда билим алып жаткан чет өлкөлүк жарандарга академиялык өргүү ушул Жободо белгиленген тартипте берилет.