КАРА-ГУЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Кара-Гуз айылдык кеңешинин (7-шайланган) кезектеги чакырылган бешинчи сессиясынын жыйналышынын
2023-жылдын 03-октябры №5/2
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-августундагы №215 жарлыгынын негизинде Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-августундагы №215”Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө “ жарлыгынын негизинде Кара-Гуз айыл аймагындагы айылдарда жергиликтүү жамааттарынын жыйындарын өткөрүү күнүн жана өтүүчү жерди белгилөө жана жыйындарды өткөрүү бойунча жумушчу топтун курамын түзүү максатында талкуулап Кара-Гуз айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Төмөндөгүдөй жумушчу топ түзулсүн
1.Жергиликтүү кеңештин депутаты Койлубаев Мирбуба
2.Калктын демилгечи топторунун өкүлдорүнөн Солтоев Замирбек
3.Жарандык коомдун өкүлдөрүнөн Сарыков Актилек
4.Коомдук уюмдун өкүлдөрүнөн Атаева Бактыкан
5.Айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринен Борбоев Касымаали
мыйзамга ылайык жумушчу топтун төрагалыгын Кара-Гуз айылдык кеңештин төрагасы Н.Бөкөевге жүктөлсүн.
2.Кара-Гуз айыл аймагындагы айылдарда жергиликтүү жамааттарынын жыйындарын өткөрүү күнүн ,убактысын жана өтүүчү жери төмөндөгүдөй болуп белгиленсин.
№ | айылдар | Курултайды өткөрүүнүн убактысы (күнү , айы) | сааты | Өткөрүү орду |
1 | Жаңы-Талаа | 16- октябрь 2023-жыл | 09:00 | Мечит |
2 | Калматай | 16- октябрь 2023-жыл | 12:00 | Калматов орто мектеби |
3 | Жетим -Дөбө | 17-октябрь 2023-жыл | 10:00 | Спорт зал |
4 | Насирдин, Алтын-Күрөк | 17-октябрь 2023-жыл | 12:00 13:00 | Көпүрөнүн жаны Алтын күрөк мектеби |
5 | Кара-Жыгач | 17-октябрь 2023-жыл | 16:00 | Түшүнүк орто мектеби |
3.Өкүлчүлүктүү жыйындарга катышуучу нормага ылайык 50 (адамдан турган) квота белгиленсин.
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Гуз айылдык кеңештин төрагасы Нурлан Бөкөевге жүктөлсүн.
Төрага: | Н.И. Бөкөев |