Редакцияот 27.12.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-ГУЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын Кара-Гуз айылдык  кеңешинин кезектеги (7-чакырылышынын) 10-сессиясынын жыйналышынын

 

2023-жылдын 27-декабры  №10/1

Кара-Гуз айыл өкмөтүнун 2023-жылдагы бюджетинин аткарылышы боюнча жана 2024-жылдагы бюджетин бекитүү жөнүндө

 

Кара-Гуз айыл өкмөтүнун 2023-жылдагы бюджетинин аткарылышы  жана 2024-жылдагы бюджетин бекитүү жөнүндө угуп жана талкуулап Кара-Гуз айылдык кеңешинин  кезектеги онунчу  сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ: 

1.Кара-Гуз айыл өкүмөтүнүн 2023-жылдагы бюджетин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышы кээ бир кемчилдиктери менен канаттандыраарлык деп табылсын.

2.Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн 2024-жылдагы бюджетинин киреше бөлүгү 20353,7 мин сомго, чыгаша бөлүгү 20429,7 мин сомго бекитилсин.

Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн 2025-жылдагы бюджетинин болжолдуу долбоору 21190,2 мин сомго, 2026-жылдагы бюджетинин болжолдуу долбоору 21 950,9 мин сомго белгиленсин.

3. Аткарылбай калууга мүмкүн болгон салыктын түрлөрү менен Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн салык кызматкери жана ФЭБ башчы райондук салык инспексиясына жана финансы башкармалыгына билдирүү менен кайрылсын.

4.Зарылчылык болгон учурда бекитилген бюджеттин чегинде өзгөртүүлөрдү киргизүүгө Кара-Гуз айылдык кенешинин бюджеттик комиссиясынын макулдугу менен биргеликте Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн өкмөт башчысына жана Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысына укук берилсин.

5.Аткаруу жагы Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Б.Абдрахмановго милдеттендирилсин.

6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Гуз айылдык кенешинин бюджеттик комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысы Д. Мамишовго тапшырылсын.

 

Төрага:

Н.И. Бөкөев