Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2024-жылдын 30-сентябры № 598-т
"Илим жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18, 19, 20-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасында 2024-2028-жылдарга илимди, илимий-техникалык жана илимий-инновациялык ишти өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарынын төмөнкү тизмеси бекитилсин:
- Кыргызстан тарыхы;
- кыргыз тили;
- айыл чарба, биологиялык жана азык-түлүк коопсуздугу;
- жашыл экономика;
- саламаттык сактоо жана адамдын жашоо сапаты;
- климаттын өзгөрүшү, экология, жаратылыш ресурстарын туруктуу башкаруу жана жашыл каржылоо;
- тышкы карызды жашыл демилгелерге алмаштыруу;
- туруктуу энергетика, курулуш индустриясы;
- индустрия 4.0;
- борбордук банктардын санариптик валюталары;
- санариптик трансформациялоо.
2. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги фундаменталдык жана колдонмо илимий изилдөөлөрдү, илимий-техникалык программаларды жана долбоорлорду, илимди өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттары боюнча максаттуу илимий изилдөөлөрдү, илимий-техникалык жана илимий-инновациялык ишти илимге каралган каражаттардын чегинде (анын ичинде мамлекеттик заказ аркылуу) каржылоону ишке ашырсын.
3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул тескеме расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 4-октябрындагы № 77 (3631) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У. Жапаров |