Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги IV-сессиясынын
2024-жылынын 08-июлуну №23
“Терек-Сай айыл аймагына караштуу Кызыл-Токой айылында жаңы бала бакча ачуу жөнүндө”
Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Токой айылында балдардын кезекке туруусу барган сайын өсүп жаткандыктан, жаны бала бакча ачуу зарылдыгы боюнча айыл тургундарынын жана эмгек жамаатынын жазган кайрылууларын карап чыгып жана талкуулап, Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1.Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Токой айылындагы бала бакчанын эски корпусун “Бүчүр” мектепке чейинки билим берүү уюму” мекемеси деген аты менен калтырып, жаны курулган корпуска жаңы наам берүү менен өзүнчө “Учур”мектепке чейинки билим берүү уюму” мекемеси деп ачуу зарылдыгы боюнча Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнө сунушталсын.
2.Чаткал райондук билим берүү бөлүмүнөн жаны ачыла турган “Учур”мектепке чейинки билим берүү уюму” мекемесине жаңы штат бирдиктерин чечип берүү суралсын.
3. “Бүчүр” мектепке чейинки билим берүү уюму” мекемесине ашкана куруу жана ашканага керектүү жабдууларды алып берүү Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджетинен каралып берилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышы жана тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жумуштары Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
5.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө социалдык маселелер, маданият, спорт, жаштар иштери жана коомдук уюмдар менен иш алып баруу жана бюджет, каржы инвестиция боюнча туруктуу комиссияларга жүктөлсүн.
Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы : |
Эргешов К.М. |