Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2024-жылдын 24-июлу № 143
Кыргыз Республикасынын Улуттук инвестициялык фонду жөнүндө
(КР 2025-жылдын 26-июнундагы № 126 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1-берене. Ушул Мыйзамдын жөнгө салуу предмети
1. Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын Улуттук инвестициялык фондунун (мындан ары - Фонд) максаттарын жана милдеттерин, укуктук статусун, анын ишин жөнгө салуунун тартибин, Фонддун жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын өз ара аракеттенүү тартибин, ошондой эле Фонддун жана акциялары Фонддун ишенимдүү башкаруусуна таандык болгон же өткөрүлүп берилген юридикалык жактардын укуктук абалынын башка өзгөчөлүктөрүн аныктайт.
2. Фондду түзүүнүн жана анын ишинин өзгөчөлүктөрү ушул Мыйзам менен жөнгө салынат.
3. Ушул Мыйзам менен жөнгө салынбаган бөлүгүндө Фонд ушул Мыйзамга ылайык кабыл алынган Кыргыз Республикасынын башка атайын мыйзамдарын жана ченемдик укуктук актыларын, башка мыйзамдарын жана Фонддун ички документтерин жетекчиликке алат.
2-берене. Ушул Мыйзамда пайдаланылуучу негизги түшүнүктөр
Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр пайдаланылат:
1) Фонддун тобу - алардын катарына Фонд, анын туунду компаниялары, ошондой эле аларга карата мындай туунду компаниялар тарабынан кыйыр ээлик кылуу орун алган компаниялар кирген юридикалык жактардын жыйындысы;
2) Фонддун туунду компаниялары - добуш берүүчү акцияларынын (катышуу үлүштөрүнүн) 50 пайыздан ашыгы Фондго менчик укугунда, же болбосо ишенимдүү башкаруунун күчүндө таандык болгон юридикалык жактар;
3) Фонддун көз каранды компаниялары - добуш берүүчү акцияларынын (катышуу үлүштөрүнүн) 20дан 50 пайызына чейин Фондго же анын туунду компанияларына менчик укугунда же болбосо ишенимдүү башкаруу күчүндө таандык болгон юридикалык жактар;
4) кыйыр ээлик кылуу - Фонддун туунду компаниясы тарабынан менчик укугунда юридикалык жактын добуш берүүчү акцияларынын (катышуу үлүшүнүн) 50 жана андан ашык пайызына ээлик кылуусу, мындай юридикалык жактын башка юридикалык жакка добуш берүүчү акцияларынын (катышуу үлүшүнүн) окшош пакетине ар бир кийинки ээлик кылуусу, ошондой эле өлчөмү боюнча ушундай эле добуш берүүчү акциялардын (катышуу үлүшүнүн) окшош пакетинин көрсөтүлгөн жактардын ишенимдүү башкаруусунда болушу;
5) Фонддун туунду компанияларынын ири бүтүмү - мындай бүтүмдү же бүтүмдөрдү түзүү жөнүндө чечим кабыл алынган датага карата, мындай туунду компаниянын активдеринин баланстык наркынын 10 пайызынан ашык наркы менен, бир тарабынан Фонддун туунду компаниясы болуп чыккан кандай болбосун бүтүм же өз ара байланыштагы бир нече бүтүмдөр;
6) Фонддун ири бүтүмү - мындай бүтүмдү же бүтүмдөрдү түзүү жөнүндө чечим кабыл алынган датага карата, Фонддун активдеринин баланстык наркынын 10 пайызынан ашык наркы бар, бир тарабынан Фонд же анын тобуна кирген компания болуп чыккан кандай болбосун бүтүм же өз ара байланыштагы бир нече бүтүмдөр;
7) Фондду өнүктүрүү стратегиясы - Фонддун тобуна кирген компаниялардын узак мөөнөттүү наркын көбөйтүүгө, ошондой эле Фонддун бардык активдерин натыйжалуу башкарууга багытталган анын миссиясын, максаттарын, милдеттерин жана аларга жетүү ыкмаларын аныктоочу жана негиздөөчү документ.
3-берене. Фонддун максаттары жана милдеттери
1. Фонддун тобуна кирген юридикалык жактарды башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу, ошондой эле Фондго узак мөөнөттүү инвестицияларды тартуу жана анын андан ары капиталдын жергиликтүү жана эл аралык рыногуна чыгуусу аркылуу алардын наркынын узак мөөнөттүү туруктуу өсүшүн камсыз кылуу Фонддун ишинин максаты болуп саналат.
2. Фонд төмөнкүдөй милдеттерди ишке ашырат:
1) Фонддун тобуна кирген юридикалык жактарда акционердин (катышуучу) функцияларын аткаруу, ошондой эле менчик укугунда же ишенимдүү башкаруу аркылуу Фондго таандык башка мүлктү башкаруу;
2) Фонддун жана Фонддун тобуна кирген юридикалык жактардын финансылык-чарбалык ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу;
3) Фондго, ошондой эле Фонддун тобуна кирген юридикалык жактарга ар кандай формада кошумча инвестицияларды тартуу жана тартууга көмөктөшүү;
4) Фонддун жана Фонддун тобуна кирген юридикалык жактардын жергиликтүү жана эл аралык фонддук рынокторго чыгуусун камсыз кылуу;
5) Фонддун туунду компанияларын өнүктүрүү стратегиясын түзүү жана аларды ишке ашырууну камсыз кылуу;
6) алардын өздөрүнүн туунду жана көз каранды компаниялары аркылуу тармактык мамлекеттик программаларды ишке ашырууда Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына көмөк көрсөтүү;
7) Фонддун тобуна кирген юридикалык жактардын кадрдык потенциалын түзүү, өнүктүрүү жана башкаруу.
3. Фонд өнүктүрүү стратегиясына жана Фонддун жогорку башкаруу органынын чечимдерине ылайык башка милдеттерди ишке ашырат.
4. Фонддун милдеттери, функциялары, түзүмү жана иштөө тартиби, ошондой эле анын башкаруу органдарынын компетенциясы жана ыйгарым укуктары ушул Мыйзам жана Фонддун уставы менен аныкталат.
4-берене. Фонддун укуктук статусу
1. Фонд ачык акционердик коом формасында түзүлгөн юридикалык жак болуп саналат.
2. Фонддун акционери болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети (мындан ары - Министрлер Кабинети) эсептелет. Министрлер Кабинети өзүнүн ыйгарым укуктарын Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына өткөрүп берүүгө укуктуу.
3. Фонддун акциялары мамлекеттик менчик болуп саналат жана Фонддун акцияларын фондулук биржада ачык сунуштоо жолу менен жана/же чет өлкөлүк фондулук биржада листинг менен Фонддун акцияларына болгон укукту күбөлөндүрүүчү глобалдык депозитардык тил каттарды чыгаруу жана жайгаштыруу жолу менен, бирок анын акцияларынын 20 пайызынан ашык эмес сунуштоодон тышкары, ээликтен ажыратылышы мүмкүн эмес.
4. Фонддун акцияларынын листинги фондулук биржада жүргүзүлгөндөн кийин Министрлер Кабинети Фонддун акцияларынын ачык сунуштарына ылайык акцияларды сатып алууга укуктуу.
Министрлер Кабинети башка жактарга таандык болгон Фонддун акцияларын алар ээликтен ажыратылганда, артыкчылыктуу сатып алууга укуктуу.
5. Кыргыз Республикасы Фонддун милдеттенмелери боюнча жоопкерчилик тартпайт. Фонд Кыргыз Республикасынын милдеттенмелери боюнча жоопкерчилик тартпайт.
(КР 2025-жылдын 26-июнундагы № 126 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
5-берене. Фонддун капиталын түзүүнүн жана укуктук абалынын өзгөчөлүктөрү
1. Фонддун уставдык капиталынын минималдуу өлчөмү Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
2. Фонддун капиталы Фонддун акцияларын чыгаруунун жана жайгаштыруунун натыйжасында Министрлер Кабинети тарабынан түзүлөт. Фонддун акциялары аларды жайгаштыруунун жүрүшүндө Фонддун жогорку башкаруу органынын чечими менен бекитилген тартипте жана шарттарда төлөнөт.
3. Фонддун жайгаштырылуучу акцияларына акы төлөө башка чарбалык жана/же акционердик коомдордогу акциялар (катышуу үлүштөрү), мүлктүк комплекстер жана мамлекетке таандык башка мүлктөр менен жүргүзүлүшү мүмкүн.
Фонддун жайгаштырылуучу акцияларына акы төлөө эсебине өткөрүлүп берилүүчү мамлекеттик менчик объекттерин, анын ичинде стратегиялык объекттерди пайдалануу жөнүндө чечим Министрлер Кабинети тарабынан кабыл алынат.
4. Коммерциялык банктардын мамлекеттин менчигинде турган акцияларын Фондго өткөрүп берүүдө Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын макулдугун алуу талап кылынбайт.
2-глава. Фондду башкаруунун өзгөчөлүктөрү
6-берене. Фонддун башкаруу жана контролдоо органдары
1. Фонддун башкаруу жана контролдоо органдары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) акционерлердин жалпы жыйналышы - Фонддун жогорку башкаруу органы болуп саналат. Эгерде Фонддун акцияларынын 100 пайызы мамлекеттин менчигинде болсо, Фондду башкаруунун жогорку органы болуп жалгыз акционер - Министрлер Кабинети саналат;
2) директорлор кеңеши - Фонддун ишине жалпы жетекчилик кылуучу жана Фонддун аткаруу органынын ишине контролдукту жүзөгө ашыруучу фонддун коллегиялуу органы;
3) башкарма - Фонддун аткаруучу органы болуп саналат, ал Фонддун учурдагы ишин түздөн-түз жетектейт. Ал жалгыз же коллегиалдуу болушу мүмкүн;
4) директорлор кеңешине караштуу бюджет жана аудит боюнча комитет - Фонддун контролдоо органы болуп саналат.
2. Фонддун башкаруу жана контролдоо органдары өз ишин ушул Мыйзамга, Фонддун уставына жана ушул Мыйзамда белгиленген тартипте бекитилүүчү башкаруу жана контролдоо органдары жөнүндө жоболорго ылайык жүзөгө ашырат.
7-берене. Фонддун акционерлеринин жалпы жыйналышы
1. Фонддун акционерлеринин жалпы жыйналышы ушул Мыйзам менен Фонддун башка башкаруу органдарынын компетенциясына гана киргизилген маселелерди кошпогондо, ушул Мыйзамда белгиленген өз компетенциясына гана кирген маселелер жана Фонддун уставында белгиленген башка маселелер боюнча чечимдерди кабыл алат.
Фонд ар жыл сайын Фонддун коллегиалдуу башкаруу органы белгилеген мөөнөттө, бирок отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-майынан кечиктирбестен акционерлердин жалпы жыйналышын (акционерлердин жылдык жалпы жыйналышын) өткөрөт. Жылдык жыйналыштан тышкары өткөрүлгөн акционерлердин жалпы жыйналыштары кезексиз болуп саналат.
2. Фонддун акционерлеринин жалпы жыйналышын өткөрүү тартиби ушул Мыйзамга ылайык Фонддун уставы менен белгиленет. Фонддун акционерлеринин жалпы жыйналышы күн тартибиндеги бардык маселелер боюнча Фонддун жайгаштырылган жөнөкөй акцияларынын ээлеринин үчтөн экисинен кем эмес добушу менен чечим кабыл алат.
3. Фонддун жогорку башкаруу органынын гана компетенциясына төмөнкү маселелер кирет:
1) Фондду кайра уюштуруу;
2) Фондду жоюу, жоюу комиссиясын дайындоо жана жоюу балансын бекитүү;
3) Фонддун уставына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү же аны жаңы редакцияда бекитүү;
4) Фонддун жүгүртүлүүчү акцияларынын санын көбөйтүү же азайтуу, аларды чыгаруунун жана жайгаштыруунун же болбосо сатып алуунун шарттары, ошондой эле акцияга конвертациялоочу башка баалуу кагаздар жөнүндө чечим кабыл алуу;
5) мындай бүтүмдү түзүү жөнүндө чечим кабыл алынган датага карата Фонд тарабынан наркы Фонддун активдеринин баланстык наркынын 70 пайызынан ашкан ири бүтүмдү жасоо жөнүндө чечимдин кабыл алынышы;
6) Фонддун директорлор кеңешинин мүчөлөрүн шайлоо жана ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, ошондой эле аларга төлөнүүчү сый акылардын жана/же компенсациялардын өлчөмүн бекитүү;
7) Фонд тарабынан чыгарылган артыкчылыктуу акцияларды анын жөнөкөй акцияларына конвертациялоо;
8) Фонддун кирешелерин бөлүштүрүү же чыгымдарын жабуу тартиби, дивиденддеринин өлчөмү жана төлөө тартиби жөнүндө чечим кабыл алуу;
9) Фонддун туунду компанияларынын кирешелерин бөлүштүрүү тартиби, дивиденддеринин өлчөмү жана төлөө тартиби жөнүндө чечим кабыл алуу;
10) Фонддун жылдык бюджетин, жылдык отчетторун, баланстарын, пайдаларынын жана чыгымдарынын эсептерин бекитүү.
Фонддун уставы менен акционерлердин жалпы жыйналышынын компетенциясына ушул берененин 1-бөлүгүнө ылайык башка маселелер киргизилиши мүмкүн.
4. Фонддун акцияларынын 5%дан ашыгына ээ болгон кайсы гана болбосун акционер, Фонддун директорлор кеңеши жана башкармасы Фонддун акционерлеринин кезексиз жалпы жыйналышын чакырууну талап кылуу укугуна ээ.
5. Фонддун акционерлеринин кезексиз жалпы жыйналышын чакыруу жана Фонддун жогорку башкаруу органынын чечим кабыл алуусуна тиешелүү башка маселелер Фонддун уставында белгиленген тартипте аныкталат.
8-берене. Фонддун директорлор кеңеши
1. Фонддун директорлор кеңеши жети мүчөдөн турат. Директорлор кеңешинин жеке курамы Фонддун жогорку башкаруу органынын чечиминин негизинде түзүлөт жана төмөнкү талаптарга ылайык келүүгө тийиш:
1) директорлор кеңешинин курамындагы үч орунду Министрлер Кабинетинде мамлекеттик саясий кызматтарды ээлеген адамдар ээлейт. Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Фонддун директорлор кеңешинин төрагасы болуп саналат;
2) директорлор кеңешинин курамындагы эки орунду Фонддун акционерлеринин кызыкчылыктарын билдирген адамдар ээлейт, алардын талапкерлерине карата талаптар Фонддун директорлор кеңеши тарабынан бекитилет;
3) директорлор кеңешинин курамындагы эки орунду директорлор кеңешинин көз карандысыз мүчөсү катары шайланган, мамлекеттик кызмат орундарын ээлебеген адамдар ээлейт, алардын талапкерлигине карата коюлуучу талаптар Фонддун директорлор кеңеши тарабынан бекитилет.
2. Фонддун Директорлор кеңеши өзүнүн курамына кандайдыр бир адамдарды киргизүүгө же болбосо директорлор кеңешинин мүчөсүнүн милдеттерин башкача тартипте башка адамга жүктөөгө укуксуз. Фонддун Директорлор кеңешинин мүчөсүнүн укуктары жана милдеттери ишеним кат боюнча башка адамга берилиши мүмкүн эмес.
3. Фонддун директорлор кеңешинин төрагасы директорлор кеңешинин жыйналышын чакыруу укугуна, ошондой эле директорлор кеңешинин жыйналышына төрагалык кылуу жана алып баруу укугуна ээ. Добуш берүүнүн жыйынтыктары боюнча добуштар тең болуп калган учурда директорлор кеңешинин жыйналышында чечим кабыл алууда төраганын добушу чечүүчү болуп саналат. Директорлор кеңешинин төрагасы Фонддун директорлор кеңешинин чечимдеринин талаптагыдай таризделиши жана директорлор кеңешинин ишинин календардык планына киргизилген жыйналыштарынын өз убагында өткөрүлүшү үчүн жооптуу. Директорлор кеңешинин төрагасы Фонддун уставына ылайык башка укуктарга жана милдеттерге ээ болушу мүмкүн.
Директорлор кеңешинин төрагасынын мамлекеттик кызмат орундарын ээлебеген директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн ичинен аны менен бир убакта шайлануучу бир орун басары болот. Директорлор кеңешинин төрагасынын орун басары директорлор кеңешинин төрагасы жок учурда анын милдетин аткарат.
4. Министрлер Кабинетинде саясий мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген адамдардын ичинен Фонддун директорлор кеңешинин мүчөлөрүн шайлоо үчүн талапкерлерди көрсөтүү укугу Министрлер Кабинетинин Төрагасына таандык. Директорлор кеңешинин мүчөлөрүн шайлоо үчүн башка талапкерлер Фонддун акционерлери тарабынан көрсөтүлөт.
5. Министрлер Кабинетинде саясий мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген Фонддун директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктары, алар Директорлор кеңешинин мүчөсү болуп шайланган учурдан тартып башталат жана тиешелүү саясий мамлекеттик кызмат ордунан бошотулган учурдан тартып токтотулат.
Фонддун директорлор кеңешинин мамлекеттик кызмат орундарын ээлебеген мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктарынын мөөнөтү анын уставында белгиленет.
6. Фонддун директорлор кеңешинин өзгөчө компетенциясына төмөнкү маселелер кирет:
1) Фондду өнүктүрүү стратегиясын бекитүү, ошондой эле ага өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү;
2) Фонддун башкармасынын төрагасын жана башкармасынын мүчөлөрүн шайлоо жана ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, аларга сый акы төлөө өлчөмүн, шарттарын жана тартибин бекитүү, ошондой эле келишим боюнча аткаруучу органдын ыйгарым укуктарын башкаруучу компанияга өткөрүп берүү жөнүндө чечим кабыл алуу;
3) Фонддун өнүктүрүү стратегиясын ишке ашыруу жана бюджетинин аткарылышы жөнүндө Фонддун башкармасынын кварталдык жана жылдык отчетторун кароо;
4) Фонддун башкармасы жөнүндө жобону бекитүү, ошондой эле ага өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү;
5) Фонд тарабынан мындай бүтүм түзүү жөнүндө чечим кабыл алынган датага карата Фонддун активдеринин баланстык наркынын 20 пайызынан 70 пайызына чейинки суммадагы ири бүтүмдү жасоо жөнүндө чечимди кабыл алуу;
6) Фонддун мүлкүн ээликтен ажыратууга же жүктөөгө багытталган бүтүмдөрдү фонд же анын тобуна кирген компания тарабынан түзүү жөнүндө сунушту алдын ала кароо жана жогорку башкаруу органына киргизүү;
7) Фонддун корпоративдик башкаруу, ички контролдоо жана аудит жаатындагы саясатын бекитүү, инвестицияларды жана капиталдык салымдарды, ошондой эле дивиденддик саясатты, Фонддун тобуна кирген компаниялардын кадрларын башкаруу саясатын ишке ашыруу, анын ичинде саналып өткөн саясаттарга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү;
8) директорлор кеңешине караштуу комитеттерди түзүү, жоюу, алардын персоналдык курамын түзүү жана алардын иши жөнүндө жоболорду бекитүү;
9) Фонддун тобуна кирген компанияларда акционер катары Фонддун башкармасынын ишин: алардын уюштуруу документтерин өзгөртүү, аларды кайра уюштуруу же жоюу, алар тарабынан баалуу кагаздарды чыгаруу, алардын уставдык капиталдарынын өлчөмүн өзгөртүү, алардын уставдарына ылайык ири бүтүмдөрдү жактыруу маселелери боюнча алдын ала жактыруу;
10) директорлор кеңешине караштуу бюджет жана аудит боюнча комитеттин сунушу боюнча Фонддун тышкы аудиторун бекитүү, ошондой эле анын кызмат көрсөтүүлөрү үчүн акы төлөөнүн өлчөмүн бекитүү;
11) резервдик фондду пайдалануу;
12) аткаруу органы тарабынан коррупцияга каршы саясатты түзүү жана анын аткарылышын контролдоо;
13) Фонддун катчысын шайлоо.
Фонддун уставы менен Фонддун башка башкаруу жана контролдоо органдарынын өзгөчө компетенциясына кирген маселелерди кошпогондо, директорлор кеңешинин компетенциясына башка маселелер да кириши мүмкүн.
7. Ушул Мыйзам менен Фонддун директорлор кеңешинин өзгөчө компетенциясына кирген маселелер аны башкаруунун башка органдарынын компетенциясына киргизилиши мүмкүн эмес.
9-берене. Фонддун директорлор кеңешинин ишмердиги
1. Фонддун директорлор кеңеши ушул Мыйзамда жана анын уставында белгиленген өз компетенциясынын чегинде күн тартибине киргизилген маселелер боюнча өз жыйналыштарынын жүрүшүндө чечимдерди кабыл алуу жолу менен Фонддун ишине жалпы жетекчиликти жүзөгө ашырат. Кароо жана чечим кабыл алуу үчүн зарыл болгон директорлор кеңешинин жыйналышынын кворуму мындай жыйналышка анын бирден көп эмес мүчөсүнүн келбей калышына жол берет. Эгерде анын бештен кем эмес мүчөсү добуш берсе, директорлор кеңешинин чечими кабыл алынды деп эсептелет.
2. Директорлор кеңешинин мүчөлөрүнө директорлор кеңешинин жыйналышынын жүрүшүндө чечимдерди кабыл алууга катышуудан тышкары Фонддун ишине кийлигишүүгө, ошондой эле Фонддун же анын директорлор кеңешинин атынан эл алдында чыгып сүйлөөгө тыюу салынат. Директорлор кеңешинин төрагасы Фонддун атынан эл алдында чыгып сүйлөөгө укуктуу.
3. Фонддун директорлор кеңешинин жыйналышы кварталына 1 жолудан кем эмес, ар бир календардык квартал аяктаган учурдан тартып, бир айдан кечиктирилбестен өткөрүлүүгө тийиш. Директорлор кеңешинин жыйналыштарын өткөрүү жана чечимдерди кабыл алуу тартиби, ошондой эле директорлор кеңешинин ишинин башка маселелери Фонддун уставы менен аныкталат.
10-берене. Фонддун директорлор кеңешине караштуу комитеттер
1. Фонддун директорлор кеңешине караштуу комитет директорлор кеңешинин туруктуу иштеген көмөкчү органы болуп саналат, ал төмөнкү максаттар үчүн түзүлөт:
1) директорлор кеңешинин жыйналышына киргизиле турган маселелерди алдын ала талкуулоо жана анын чечимдеринин долбоорлору боюнча сунуштамаларды иштеп чыгуу;
2) Фонддун ишинде мындай саясаттын жана программалардын жоболорун эске алууга байланышкан маселелер боюнча тармактык саясатты жана мамлекеттик программаларды ишке ашыруу үчүн жооптуу мамлекеттик органдар менен макулдашуу.
2. Фонддун директорлор кеңеши эки милдеттүү комитетти түзөт жана алардын ишин камсыздайт, алардын курамына директорлор кеңешинин үчтөн кем эмес мүчөсү кирет:
1) компетенциясына Фонддун бюджетин түзүү жана аткаруу маселелери, контролдук иш-милдеттер, ошондой эле Фонддун ички контроль, инвестициялар жана дивиденддер жаатындагы саясатын түзүү жана колдонуу маселелери кирген бюджет жана аудит боюнча комитет;
2) компетенциясына туунду компаниялардын кадрлар резервин түзүү жана пайдалануу, алардын кызмат адамдары менен контракттарга карата талаптарды, анын ичинде аларды сыйлоо ыкмаларын, өлчөмүн жана тартибин, алардын жоопкерчилигинин келип чыгуу шарттарын жана анын формаларын иштеп чыгуу маселелери кирген кадрлар жана сый акылар боюнча комитет.
Фонддун директорлор кеңеши өзүнүн комитеттеринин иш жүргүзүүсү жөнүндө жоболорду иштеп чыгат жана бекитет.
3. Директорлор кеңешине караштуу комитеттердин компетенциясына кирген маселелер боюнча Фонддун директорлор кеңеши анын тармактык комитетинин алдын ала корутундусу менен таанышкандан кийин чечим кабыл алат.
4. Фонддун директорлор кеңешине караштуу комитеттин сандык курамы үчтөн кем эмес жана бештен көп эмес мүчөдөн турат.
Фонддун директорлор кеңеши тарабынан чечимдерди кабыл алуунун сапаттык деңгээлин жогорулатуу максатында директорлор кеңешине караштуу комитеттерге мүчө катары адистиги комитеттин ишине ылайык келген эксперттер чакырылышы мүмкүн.
Директорлор кеңешине караштуу комитеттин чакырылган мүчөсү Фонддун кызмат адамы болуп саналбайт жана Фонддун директорлор кеңешинин мүчөсүнүн ыйгарым укуктарына ээ эмес.
5. Директорлор кеңешине караштуу комитеттин жеке курамы директорлор кеңеши тарабынан бекитилет. Фонддун директорлор кеңешинин мүчөсү бир эле учурда директорлор кеңешине караштуу экиден ашык комитеттин мүчөсү боло албайт.
6. Директорлор кеңешине караштуу комитеттин ишине директорлор кеңеши тарабынан дайындалган анын төрагасы жетекчилик кылат.
Министрлер Кабинетинде саясий мамлекеттик кызматтарды ээлеген адамдардын ичинен директорлор кеңешинин мүчөсү кадрлар жана сый акылар боюнча комитеттин төрагасы болуп дайындалат, ал эми комитеттин мүчөсү милдеттүү түрдө директорлор кеңешинин көз карандысыз мүчөсү болууга тийиш.
Директорлор кеңешинин көз карандысыз мүчөсү гана Фонддун директорлор кеңешине караштуу бюджет жана аудит боюнча комитеттин төрагасы боло алат.
7. Фонддун жылдык бюджетинин алкагында Фонддун директорлор кеңешинин мүчөсү болуп саналбаган, директорлор кеңешине караштуу комитеттердин мүчөлөрүнүн эмгегине акы төлөө үчүн каражаттар каралышы мүмкүн.
8. Директорлор кеңешине караштуу комитеттерди түзүүгө жана алардын ишине байланышкан башка маселелер Фонддун директорлор кеңешинин чечимдерине ылайык чечилет.
11-берене. Фонддун аткаруу органы
1. Фонддун аткаруу органы жеке же коллегиалдуу (башкарма) болушу мүмкүн.
Фонддун аткаруу органы төмөнкү тартипте шайлануучу беш мүчөдөн турат:
1) Фонддун башкармасынын төрагасы директорлор кеңеши тарабынан шайланат;
2) Фонддун башкармасынын мүчөлөрү, башкарманын төрагасын кошпогондо, башкарманын төрагасынын сунуштамасы боюнча директорлор кеңеши тарабынан дайындалат.
2. Фонддун директорлор кеңешинин чечими боюнча Фонддун аткаруу органынын ыйгарым укуктары келишим боюнча башкаруу уюмуна өткөрүлүп берилиши мүмкүн. Башкаруу уюмуна карата талаптар жана түзүлүүчү келишимдин шарттары Фонддун директорлор кеңешинин чечими менен белгиленет.
3. Башкаруунун коллегиалдуу аткаруу органы катары Фонддун аткаруу органынын компетенциясына анын учурдагы ишин башкаруунун төмөнкүдөй маселелери кирет:
1) Фондду өнүктүрүү стратегиясын ишке ашыруу максатында иш-аракеттер пландарын иштеп чыгуу жана бекитүү, ошондой эле алардын аткарылышынын жыйынтыктарын кароо, Фонддун жогорку башкаруу органынын жана директорлор кеңешинин чечимдеринин аткарылышын кароо;
2) Фонддун туунду компанияларынын, ошондой эле алар кыйыр ээлик кылууну жүзөгө ашырган компаниялардын мыйзамдары жана/же уставдары менен алардын жогорку башкаруу органынын компетенциясына кирген маселелер боюнча чечимдерди кабыл алуу;
3) мындай бүтүмдү түзүү жөнүндө чечим кабыл алынган датага карата Фонддун активдеринин баланстык наркынын 10дон 20 пайызына чейинки наркы менен Фонд тарабынан бүтүмдү же өз ара байланышкан бүтүмдөрдүн тобун жасоо жөнүндө чечимдерди кабыл алуу;
4) Фонд же анын тобуна кирген компания тарабыңан анын мүлкүн ээликтен ажыратууга же чектөөгө багытталган бүтүмдөрдү түзүү жөнүндө алдын ала кароо жана директорлор кеңешине сунуш киргизүү;
5) Фонддун башка башкаруу жана контролдоо органдарынын компетенциясына кирген документтерди кошпогондо, Фонддун ички ченемдик документтерин бекитүү;
6) Фонддун уюштуруу түзүмүн, анын кызматкерлерин жалдоо жана бошотуу шарттарын, анын ичинде алардын эмгегине акы төлөө фондун иштеп чыгуу жана бекитүү;
7) Фонддун уставында каралган тартипте Фонддун башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүүнү жүзөгө ашыруу.
Фонддун уставы менен башкарманын компетенциясына жогорку башкаруу органынын же Фонддун директорлор кеңешинин өзгөчө компетенциясына кирбеген башка маселелери киргизилиши мүмкүн.
4. Аткаруу органы өзүнүн компетенциясынын чегинде чечимдерди кабыл алуу жолу менен Фонддун учурдагы ишин башкарууну жүзөгө ашырат. Чечимдерди кабыл алуунун жана тариздөөнүн тартиби, ошондой эле Фонддун аткаруу органынын ишинин башка маселелери Фонддун уставы менен аныкталат.
12-берене. Фонддун башкармасынын төрагасы
1. Башкарманын төрагасы Фонддун уставы жана башкаруу органдары тарабынан аныкталуучу өз компетенциясынын жана укуктарынын чегинде Фонддун жана башкарманын ишине жетекчилик кылат.
2. Башкарманын төрагасы ишеним катсыз Фонддун атынан төмөнкү компетенциясынын чегинде иш алып барат:
1) Фонддун ишин ыкчам башкаруу жана башкарманын ишин уюштуруу;
2) директорлор кеңешине башкарманын мүчөлөрүн дайындоо үчүн талапкерлерди көрсөтүү, ошондой эле аларды кызмат ордунан бошотууга сунуштамаларды киргизүү;
3) Кыргыз Республикасында, ошондой эле чет өлкөлөрдө бардык мекемелерде, ишканаларда жана уюмдарда (анын ичинде жалпы юрисдикциядагы сотторго жана бейтарап сотторго доо арыз берүү укугу менен) Фонддун кызыкчылыктарын көрсөтүү;
4) келишимдерге, башка бүтүмдөргө кол коюу, ишеним каттарды берүү тартибин белгилөө, ошондой эле ушул Мыйзамдын жана Фонддун уставынын талаптарына ылайык финансылык документтерге биринчи кол коюу укугуна ээ болуу;
5) Фонддун бардык кызматкерлери, анын ичинде башкарманын мүчөлөрү аткарууга милдеттүү болгон буйруктарды, тескемелерди жана анын компетенциясына кирген актылардын башка түрлөрүн чыгаруу;
6) Фонддун кызматкерлерин ишке кабыл алуу жана бошотуу, алардын кызматтык нускамаларын бекитүү, сыйлоо жана жазалоо чараларын колдонуу, ошондой эле кызматкерлерди кызматтык иш сапарларга жиберүү;
7) мындай бүтүмдү түзүү жөнүндө чечим кабыл алынган датага карата Фонддун активдеринин баланстык наркынын 10 пайызынан ашпаган өлчөмдө Фонддун атынан бүтүмдү же болбосо өз ара байланышкан бир нече бүтүмдү же болбосо Фонддун башка башкаруу органдарынын чечимине ылайык бүтүмдөрдү түзүү.
Башкарманын төрагасы Фонддун уставына ылайык башкарманын, акционерлердин жалпы чогулушунун жана директорлор кеңешинин компетенциясына кирбеген Фонддун учурдагы ишинин башка маселелери боюнча чечимдерди кабыл алууга укуктуу.
3. Башкарманын төрагасы башкарманын мүчөлөрүнүн ичинен өзүнүн орун басарын дайындайт жана башкарманын мүчөлөрүнүн ортосунда функционалдык иш-милдеттерди бөлүштүрөт.
4. Фонддун башкармасынын төрагасынын ишинин башка маселелери Фонддун уставына ылайык чечилет.
13-берене. Фонддун корпоративдик катчысы
1. Фонддун уставына ылайык Фонддун корпоративдик катчысы кызмат орду каралышы мүмкүн.
Корпоративдик катчы - бул директорлор кеңеши тарабынан шайлануучу Фонддун кызмат адамы, анын компетенциясына төмөнкүдөй маселелер кирет:
1) Фонддун акционерлери, туунду компаниялар менен алардын өз укуктарын жүзөгө ашыруу маселелери боюнча байланышуу;
2) Фонддун акционерлеринин (туунду компаниялардын) реестрин жүргүзүү жана сактоо боюнча контролдоо;
3) акционерлердин жалпы чогулушунун күн тартиби боюнча акционерлердин сунуштарын түзүү;
4) Фонддун акционерлерин акционерлердин жалпы чогулушу боюнча материалдар менен камсыз кылууну жүзөгө ашыруу;
5) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык акционерлердин жалпы чогулушунун, директорлор кенешинин жыйындарынын материалдарын сактоону камсыздоо.
2. Корпоративдик катчынын иш чөйрөсү, ыйгарым укуктары, укуктары жана милдеттери Фонддун уставында чагылдырылат, ошондой эле Фонддун уставында Фонддун корпоративдик катчысынын башка милдеттери да каралышы мүмкүн.
Фонддун уставында Фонддун корпоративдик катчысы жетектөөчү директорлор кеңешинин катчылыгын түзүү каралышы мүмкүн.
3-глава. Фонддун ишин жөнгө салуунун өзгөчөлүктөрү
14-берене. Фонддун Министрлер Кабинети жана Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара мамилелери
1. Министрлер Кабинети анын өзгөчө компетенциясына кирген маселелер боюнча чечимдерди өз убагында кабыл алууну камсыз кылуу, мамлекеттик органдар тарабынан Фонддун ишине мыйзамсыз кийлигишүүнүн бардык аракеттерине бөгөт коюу менен Фонддун уставдык максаттарына жетүүгө көмөктөшөт.
2. Министрлер Кабинети Фондду башкарууга төмөнкүлөр аркылуу гана катышат:
1) ушул Мыйзамга жана Фонддун уставына ылайык акционердин ыйгарым укуктарын ишке ашыруу;
2) Министрлер Кабинетинин саясий мамлекеттик кызмат адамдарынын Фонддун директорлор кеңешине мүчөлүгү.
3. Министрлер Кабинети Фондго жана анын туунду компанияларына ушул Мыйзамда белгиленген учурлардан тышкары башка артыкчылыктарды же жеңилдиктерди берүүгө укуксуз.
4. Ушул Мыйзамда жана Фонддун уставында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында түздөн-түз каралган учурларды кошпогондо, мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан Фонддун жана анын туунду компанияларынын ыкчам (учурдагы) ишине кийлигишүүгө жол берилбейт.
15-берене. Фонддун мамлекеттик программаларды ишке ашырууга катышуусу
1. Фонддун өнүктүрүү стартегиясына ылайык Фонд жана анын туунду компаниялары Кыргыз Республикасынын мамлекеттик программаларын ишке ашырууга катыша алат.
2. Фонддун жана анын туунду компанияларынын долбоорлорго катышуусу социалдык маанилүү болгон товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү кайра өндүрүүдө же алардын иш чөйрөлөрүн өнүктүрүүдө жагымдуу рыноктук шарттарды түзүү менен коштолушу мүмкүн.
16-берене. Фонддун, Фонддун туунду жана көз каранды компанияларынын аудити
1. Фонд бухгалтердик эсепти жүргүзөт жана Финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарына (ФОЭС) ылайык финансылык отчеттуулукту даярдайт.
2. Фонддун финансылык-чарбалык ишин контролдоо үчүн анын түзүмүндө бюджет жана аудит боюнча комитет түзүлөт, анын жеке курамы Фонддун директорлор кеңеши тарабынан бир жылга (аны узартуу мүмкүнчүлүгү менен) бекитилет. Бюджет жана аудит боюнча комитет Фонддун директорлор кеңешине отчет берет.
3. Фонддун жылдык финансылык отчеттуулугун текшерүү жана аныктыгын ырастоо үчүн жыл сайын көз карандысыз тышкы аудит жүргүзүлөт.
Тиешелүү каттоосу бар жана аудит жүргүзүүгө эл аралык бедели таанылган жана Фонд же анын уюштуруучуларынын мүлктүк кызыкчылыктары менен байланышпаган көз карандысыз аудитордук уюмду тандоо тартиби Фонддун директорлор кеңеши тарабынан аныкталат.
4. Фонддун ар жылдык көз карандысыз тышкы аудитинин жыйынтыктары Фонддун акционерлеринин жылдык жалпы чогулушунда каралууга тийиш.
5. Фонд ар жылдык көз карандысыз тышкы аудиттин жыйынтыктарын жыл сайын өзүнүн расмий интернет-сайтында жарыялайт.
6. Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы Фонддун жана анын туунду компанияларынын дивиденддерин төлөө боюнча операцияларды жүргүзүү бөлүгүндө гана Фонддун аудитин жүргүзөт.
17-берене. Фонддун товарларын, жумуштарын жана кызмат көрсөтүүлөрүн сатып алуу
1. Фонддун жана анын туунду компанияларынын товарларын, жумуштарын жана кызмат көрсөтүүлөрүн сатып алуу Фонддун директорлор кеңеши тарабынан бекитилген тартипте жана шарттарда жүзөгө ашырылат.
2. Фонддун жана анын туунду компанияларынын сатып алууларды уюштуруу жана жүргүзүү жол-жоболорун аткаруу үчүн жооптуу атайын түзүмдүк бөлүмдөрү болууга тийиш. Фонддун туунду компанияларындагы мындай түзүмдүк бөлүмдөр Фонддун сатып алуулардын бирдиктүү кызматы менен алмаштырылышы мүмкүн.
3. Фонддун директорлор кеңешинин бюджет жана аудит боюнча комитети Фонд жана анын туунду компаниялары тарабынан жүзөгө ашырылуучу ички ченемдердин жана сатып алуулар эрежелеринин сакталышын көзөмөлдөйт жана контролдойт.
4. Фонд жана анын туунду компаниялары тарабынан сатып алууларды жүзөгө ашыруунун тартиби жана талаптары сатып алынуучу товарлардын, жумуштардын/кызмат көрсөтүүлөрдүн баа сунуштары жана сапаттык мүнөздөмөлөрү бирдей болгон учурда ата мекендик товар өндүрүүчүлөргө жана жумуштарды/кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөргө өтүнмөгө артыкчылык берүү боюнча шарттарды караштырууга тийиш.
18-берене. Фонддун жана анын туунду компанияларынын ири бүтүмдөрү жана бүтүмдөрү
1. Фонддун ири бүтүмдөрү ушул Мыйзамга ылайык алардын башкаруу органдары тарабынан жактыруу жол-жобосунан өтүүгө тийиш. Фонддун туунду компанияларынын ири бүтүмдөрү ушул Мыйзамга, акционердик коомдор жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Фонддун уставына ылайык аларды жактыруу жол-жобосунан өтүүгө тийиш.
2. Фонддун жана анын туунду компанияларынын акционерлери жана кызмат адамдары жасоого кызыкдар болгон бүтүмдү түзүү жөнүндө чечимди кабыл алууда, эгер мындай бүтүм Фонддун кызыкчылыгында гана түзүлсө, ушул Мыйзамга ылайык добуш берүүгө катышат. Кызыкчылык туудурган бүтүмдү түзүү жөнүндө маалымат акционердик коомдор жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте, ушул Мыйзамдын жоболорун эске алуу менен ачыкка чыгарылат.
19-берене. Фонддо жана анын тобуна кирүүчү туунду компанияларда стратегиялык башкарууну жана пландоону уюштуруунун өзгөчөлүктөрү
1. Фонд өзүнүн тармактык өзгөчөлүгүнө шайкеш келген чөйрөлөрдө мамлекеттик саясаттын негизги багыттарын эске алуу менен алдыдагы үч жылга карата өзүнүн өнүгүү стратегиясын иштеп чыгууга, бекитүүгө жана жыл сайын жаңылап турууга тийиш.
2. Өнүктүрүү стратегиясын ишке ашыруу максатында Фонд өзүнүн үч жылдык өнүктүрүү планын иштеп чыгууга жана бекитүүгө тийиш.
Фондду өнүктүрүү планынын мазмунуна карата талаптар директорлор кеңеши тарабынан аныкталат. Фонддун тобуна кирген туунду компаниялар Фонддун өнүктүрүү стратегиясын иштеп чыгууга өзүнүн иш чөйрөсүнүн чегинде тартышат. Фонддун тобуна кирген башка компаниялар өздөрүнүн башкаруу органдарынын чечимдерине ылайык Фонддун стратегиясын иштеп чыгууга катышат.
3. Фонддун туунду компанияларында Фондду өнүктүрүү стратегиясын эске алуу менен үч жылдан кем эмес мөөнөткө өз стратегиялары жана өнүктүрүү пландары иштелип чыгууга, бекитилүүгө жана жыл сайын жаңыланууга тийиш.
20-берене. Фонддун резервдик фонду
1. Фонддо анын уставында каралган өлчөмдө, бирок Фонддун уставдык капиталынын 10 пайызынан ашпаган резервдик фонд түзүлөт.
2. Резервдик фонд Фонддун таза кирешесинен гана түзүлөт. Резервдик фонд Фонддун уставында белгиленген өлчөмгө жеткенге чейин ар жылдык чегерүүлөрдүн эсебинен түзүлөт. Ар жылдык чегерүүлөрдүн өлчөмү Фонддун уставында каралат, бирок Фонддун уставында белгиленген өлчөмгө жеткенге чейин таза пайданын 5 пайызынан кем эмес болууга жана 15 пайызынан ашпоого тийиш.
3. Резервдик фонд Фонддун жана анын туунду компанияларынын күтүүсүз жоготууларын жабууга, ошондой эле Фонддун облигацияларын төлөөгө жана башка каражаттар жок болгон учурда Фонддун акцияларын сатып алууга арналган.
4. Резервдик фонд Фондду башкаруунун жогорку органы тарабынан белгиленген башка максаттар үчүн пайдаланылышы мүмкүн.
21-берене. Фонддун бирдиктүү кызматтары
1. Фонд тарабынан анын тобуна кирген бардык же бир нече уунду компанияларды багыты боюнча тейлөө үчүн бирдиктүү борборлоштурулган кызматтар түзүлүшү мүмкүн.
2. Бирдиктүү борборлоштурулган кызматтар өз ишин Фонддун уставына ылайык бекитилген жоболордун негизинде жүргүзөт.
4-глава. Корутунду жоболор
22-берене. Фонддун кызмат адамдарынын жана кызматкерлеринин жоопкерчилиги
1. Фонддун кызмат адамдары, ошондой эле анын туунду же болбосо аларга караштуу компанияларында кызмат адамдарынын милдеттерин аткаруучу кызматкерлери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, алардын уставдарында жана алар менен түзүлгөн контракттарда каралган шарттарда жана тартипте жеке жарандык-укуктук жана кылмыш-жаза жоопкерчилигин тартат.
2. Министрлер Кабинетинде Фонддун директорлор кеңешинин саясий мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген мүчөлөрү тиешелүү тармактык мамлекеттик органдардын Фонд жана анын туунду уюмдары менен өз ара аракеттенүүсүн уюштургандыгы үчүн жеке жоопкерчилик тартат.
23-берене. Ушул Мыйзамды колдонууга киргизүү тартиби
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып бир ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети алты айлык мөөнөттө:
1) ушул Мыйзамдан келип чыккан чараларды көрсүн;
2) өз чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жапаров |
|
|
|
2024-жылдын 27-июнунда |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |