Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги V-сессиясынын
2024-жылынын 19-июлуну №24
““Эти Бакыр Терексай” Жоопкерчилиги чектелген коомунун жаңы калдык сактоочу жайын долбоорлоо жана куруу жөнүндө”
Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы А.Сеңирбаевдин Терек-Сай айыл аймагына караштуу Алмалуу-Булак участкасындагы мамлекеттин менчигиндеги жалпы 198,54га , анын ичинен Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын компетенциясына кирген 190,23га аянты 8,31га жер аянтынын ичинен таштуу жайыт 7,02га, контуру жерлерди “Мамлекеттик запастагы жерлери” категориясынан “Өнөр жай, транспорт, байланыш, коргоо жана башка багыттагы жерлери” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндөгү жазган кайрылуусун карап чыгып жана талкуулап, Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1.Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Алмалуу-Булак участкасындагы мамлекеттин менчигиндеги жерлерди “Мамлекеттик запастагы жерлери” категориясынан “Өнөр жай, транспорт, байланыш, коргоо жана башка багыттагы жерлери” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндөгү кайрылуусуна ылайык, Терек-Сай айыл аймагынын айыл өмөтүнүн чегинде өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткан “Эти Бакыр Терексай” Жоопкерчилиги чектелген коому Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Терек, Болуш, Терек-Сай айылдарынын тургундарына жалпы презентация өткөрүшсүн.
2.Терек-Сай айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын 2018-жылдын 18-декабрындагы кезексиз 15-сессиясынын №2 токтомундагы жана Терек-Сай айыл аймагынын Терек-Сай айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын 02.11.чыгарылган №209 токтомундагы бардык талаптары аткарууга алынсын.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жер, архитектура, экология, өнөр жай, муниципалдык менчик жана өзгөчө кырдаалдар боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы : |
Эргешов К.М. |