Редакцияот 23.07.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ                                                              

 

2024-жылдын 23-июлу № 141

 

2024-жылдын 26-мартында Сочи шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасынын уран казуу жана тоо-кен өндүрүшүнүн таасирине кабылган аймактарын реабилитациялоодо кызматташуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу

 

1-берене.

2024-жылдын 26-мартында Сочи шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасынын уран казуу жана тоо-кен өндүрүшүнүн таасирине кабылган аймактарын реабилитациялоодо кызматташуу жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.

2-берене.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө россия тарапка кабарласын.

3-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Президенти

 

С.Жапаров

 

 

 

2024-жылдын 26-июнунда

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган