Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 31-майы № 302 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 13-сентябры № 570
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 29-сентябрындагы № 626 "Казыналыктын бирдиктүү эсеп системасындагы атайын жана депозиттик эсептерде топтолгон бюджеттик мекемелердин каражаттары жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 105-беренесинин 8-бөлүгүнүн 3-пунктунун "з" пунктчасын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 29-сентябрындагы № 626 "Казыналыктын бирдиктүү эсеп системасындагы атайын жана депозиттик эсептерде топтолгон бюджеттик мекемелердин каражаттары жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Казыналыктын бирдиктүү эсеп системасындагы атайын эсептерде топтолгон бюджеттик мекемелердин каражаттары жөнүндө жободо:
Бюджеттик мекемелердин атайын эсептеринде эсепке алынуучу башка каражаттардын тизмегинде:
- 23-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
- 28-пункттун "Ведомствонун аталышы" графасы "ТК, БӨКД" деген аббревиатуралар менен толукталсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 43-50-пункттар менен толукталсын:
"
43 | Орто-Токой (Касансай) суу сактагычын эксплуатациялоо жана техникалык тейлөө боюнча чыгымдарды каржылоого үлүштүк катышуудан түшүүлөр | СРК |
|
44 | Мамкурулуштун ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүнүн борбордук аппаратка чегерүүлөрү (Мамкурулуштун ведомстволук аймактык бөлүмдөрүнүн иши казыналык эсеп системасына которулгандан кийин) | Мамкурулуш | Мамкурулуштун ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүнүн кирешелери |
45 | СМБнын ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүнүн чегерүүлөрү (СМБнын ведомстволук аймактык бөлүмдөрүнүн иши бирдиктүү казыналык системасына которулгандан кийин) | СМБ | СМБнын ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүнүн кирешелери |
46 | Жаныбарларды идентификациялоодон түшүүлөр (кулак биркаларын сатуу) | ВК |
|
47 | Евразия экономикалык бирлигинин алкагында которуу кызмат көрсөтүүлөрүнөн түшүүлөр | КБ |
|
48 | Негизги капиталга инвестициялардын жана мамлекеттик казыналык милдеттенмелер тарабынан төлөнгөн капиталдык салымдарга сарптоолордун көлөмүнүн 2,9 пайызы өлчөмүндөгү түшүүлөр | СЧКД |
|
49 | ТКнын ведомстволук бөлүмдөрүнүн чегерүүлөрү | ТК | ТКнын ведомстволук мекемелеринин кирешелери |
50 | Автотранспорт каражаттарына цифралардын жана/же тамгалардын өзгөчө комбинациясы менен мамлекеттик каттоо номердик белгилерин ченемдик укуктук актыларда белгиленген өлчөмдө жана тартипте сатуудан түшкөн чегерүүлөр | ТКАКК МА |
|
";
- кыскартуулардын тизмеси төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:
"
СРК | - | Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматы |
ВК | - | Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринардык кызмат |
Мамкурулуш | - | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги; |
СМБ | - | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология борбору |
ТК | - | Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Токой кызматы |
БӨКД | - | Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Балык өнөр жай комплекси департаменти |
КБ | - | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Котормо борбору |
СЧКД | - | Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматынын Суу чарба курулуш дирекциясы |
ТКАКК МА | - | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттик |
".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 20-сентябрындагы № 72 (3626) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.У. Жапаров |