Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги V-сессиясынын
2024-жылынын 19-июлуну №25
“““АРИС КАSА-1000” агенствосу менен биргеликте даярдалган долбоорго ылайык, окуучуларды ташууга автобус алууга өздүк салым үчүн акча каражатын карап берүү жөнүндө.”
Терек-Сай айыл аймагына караштуу жалпы орто билим берүүчү мекемелерге, мектепке чейинки билим берүү уюмдарына окуучуларды жана бала бакчага жаш балдарды ташуу максатында 2 (эки) даана автобус алуу үчүн “АРИС КАSА-1000” агенствосу менен биргеликте даярдалган долбоорго ылайык, өздүк салым үчүн акча каражатын карап берүү жөнүндөгү Терек-Сай айыл аймагынын башчысы Б.Н.Исабековдун кайрылуусун карап чыгып жана талкуулап, Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1.Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу айылдардагы балдарды мектепке жана бала бакчага ташуу максатында “АРИС КАSА--1000” агенствосу менен биргеликте даярдалган долбоорго ылайык, өздүк салым үчүн 1 173 970 (бир миллион бир жүз жетимиш үч миң тогуз жүз жетимиш) сом акча каражаты алты айдын жыйынтыгы менен жергиликтүү бюджеттин пландан ашыкча аткарылган каражатынын эсебинен бөлүнүп берилсин.
2.Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн КЭБ башчысы Т.Сувановага милдеттендирилсин..
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет, каржы, инвестиция, ишкердик жана коомдук иштери боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы : |
Эргешов К.М. |