Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги V-сессиясынын
2024-жылынын 19-июлуну №26
“Терек-Сай айыл аймагына караштуу мекеме-уюмдарга санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө мекемеси тарабынан дезинфекция иштерин жүргүзүү үчүн акча каражатын карап берүү жөнүндө.”
Терек-Сай айыл аймагына караштуу мекеме-уюмдарга санитардык-гигиеналык талаптарды аткаруу максатында санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө мекемеси тарабынан дезинфекция иштерин жүргүзүү үчүн акча каражатын карап берүү жөнүндөгү Терек-Сай айыл аймагынын башчысы Б.Н.Исабековдун кайрылуусун карап чыгып жана талкуулап, Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Терек-Сай айыл аймагына караштуу мекеме-уюмдарга санитардык-гигиеналык талаптарды аткаруу максатында санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө мекемеси тарабынан дезинфекция иштерин жүргүзүү үчүн 494 375 (төрт жүз токсон төрт миң үч жүз жетимиш беш) сом акча каражаты алты айдын жыйынтыгы менен жергиликтүү бюджеттин пландан ашыкча аткарылган каражатынын эсебинен бөлүнүп берилсин.
2.Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн КЭБ башчысы Т.Сувановага милдеттендирилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет, каржы, инвестиция, ишкердик жана коомдук иштери боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы : |
Эргешов К.М. |