Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2024-жылдын 17-июлу № 123
2024-жылдын 12-февралында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашуу (Digital CASA - Кыргыз Республикасы долбоору үчүн кошумча каржылоо) жана 2018-жылдын 2-июлундагы Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууга (Digital CASA - Кыргыз Республикасы долбоору) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу катты ратификациялоо жөнүндө
1-берене.
2024-жылдын 12-февралында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашуу (Digital CASA - Кыргыз Республикасы долбоору үчүн кошумча каржылоо) жана 2018-жылдын 2-июлундагы Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууга САSА - Кыргыз Республикасы долбоору) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу кат ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашуунун жана каттын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду кыргыз тарап аткаргандыгы жөнүндө Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясына белгиленген тартипте кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жапаров |
|
|
|
2024-жылдын 26-июнунда |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |