Редакцияот 16.11.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ПЕТРОВКА АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН

АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

ХХVIII- чакырыгынын ирээттеги XXV сессиясы

 

2023-жылдын 16-ноябры № 130-3

 

Мөөнөтсүз пайдаланууга жер участогун бекитүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 13-пунктунун 1- беренеси 1-пункт астындагы, 25-пунктунун 2-беренеси Петровка айыл өкмөтүнүн башчысы Ж. А. Байсульдаевдин маалыматын угуп жана талкуулап

Петровка айылдык кенеши:

ТОКТОМ ЧЫГАРАТ:

1. Петровка айыл өкмөтүнө Кызыл-Туу айылынын Центральная көчөсүндө жайгашкан кичи футбол стадионун курууга -5883,0 кв.м түзгөн жер участогу мөөнөтсүз пайдаланышы үчүн берилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Москвадагы филиалына жер участогун пайдалануу укугу жана күбөлөндүрүү жөнүндөгү иш кагаздарын даярдоо үчүн Петровка айыл өкмөтүнүн башкы адис-жер куруучусу милдеттендирилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 25-беренесине ылайык, бул токтом 30 күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Москва шаарындагы филиалында катталууга тийиш.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Петровка айыл өкмөтүнүн башчысына Ж.А. Байсулдаевге милдеттендирилсин.

 

 

Төрага

У.Абылдаев