Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги V-сессиясынын
2024-жылынын 19-июлуну №27
“Кызыл-Токой айылындагы жаңы курулган бала бакчага аталыш берүү жөнүндө.”
Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Токой айылындагы жаңы салынган бала бакчага “Учур” мектепке чейинки билим берүү уюму ” мекемеси деп атоо жөнүндөгү эмгек коллективинин жана айыл тургундарынын кайрылууларынын негизинде, Терек-Сай айыл аймагынын башчысы Б.Н.Исабековдун кайрылуусун карап чыгып жана талкуулап, Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1.Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнө карашту Кызыл-Токой айылындагы жаңы салынган бала бакчага “Учур мектепке чейинки билим берүү уюму ” мекемеси деп атоо Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнө сунушталсын.
2.Бул токтомдун аткарылышы боюнча тиешелүү иш кагаздарын даярдоо Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө социалдык маселелер, маданият, спорт, жаштар иштери жана коомдук уюмдар менен иш алып баруу боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы : |
Эргешов К.М. |