Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги V-сессиясынын
2024-жылынын 19-июлуну №28
“Жаны ачылган бала бакчанын уктоочу бөлмөлөрүн оптимизациялоо жөнүндө.”
Терек-Сай айыл аймагына караштуу Кызыл-Токой айылындагы жаңы ачылып жаткан “Учур мектепке чейинки билим берүү уюму” мекемесиндеги уктоочу бөлмөлөрүн оптимизациялоо зарылдыгы жөнүндөгү Кызыл-Токой айылындагы бала бакчанын эмгек жамаатынын маалыматына ылайык, акча каражатын карап берүү жөнүндөгү Терек-Сай айыл аймагынын башчысы Б.Н.Исабековдун кайрылуусун карап чыгып жана талкуулап, Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Терек-Сай айыл аймагына караштуу Кызыл-Токой айылындагы жаңы ачылып жаткан “Учур мектепке чейинки билим берүү уюму” мекемесиндеги бала бакчанын уктоочу бөлмөлөрүн оптимизациялоо үчүн 112 000 (бир жүз он эки миң) сом акча каражаты алты айдын жыйынтыгы менен жергиликтүү бюджеттин пландан ашыкча аткарылган каражатынын эсебинен бөлүнүп берилсин.
2.Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн КЭБ башчысы Т.Сувановага милдеттендирилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет, каржы, инвестиция, ишкердик жана коомдук иштери боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы : |
Эргешов К.М. |