Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги V-сессиясынын
2024-жылынын 19-июлуну №29
“Кошумча тайпаларга керектүү эмеректерди алып берүүгө акча каражатын карап берүү жөнүндө.”
Терек-Сай айыл аймагына караштуу Кызыл-Токой айылындагы жаңы ачылып жаткан “Учур мектепке чейинки билим берүү уюму” мекемесиндеги кошумча тайпаларга керектүү жабдууларды (керебет, төшөк, стол, стул, жана башка ушул сыяктуу эмеректерди) алып берүү зарылдыгы жөнундөгү Терек-Сай айыл аймагынын башчысы Б.Н.Исабековдун кайрылуусун карап чыгып жана талкуулап, Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Терек-Сай айыл аймагына караштуу Кызыл-Токой айылындагы жаңы ачылып жаткан “Учур мектепке чейинки билим берүү уюму” мекемесиндеги тайпаларга керектүү жабдууларды (керебет, төшөк, стол, стул, жана башка ушул сыяктуу эмеректерди) алып берүү үчүн 850 130 (сегиз жүз элүү миң бир жүз отуз) сом акча каражаты алты айдын жыйынтыгы менен жергиликтүү бюджеттин пландан ашыкча аткарылган каражатынын эсебинен бөлүнүп берилсин.
2.Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн КЭБ башчысы Т.Сувановага милдеттендирилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет, каржы, инвестиция, ишкердик жана коомдук иштери боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы : |
Эргешов К.М. |