Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги V-сессиясынын
2024-жылынын 19-июлуну №31
““Келечек” мектепке чейинки билим берүү уюму” мекемесинин уктоочу бөлмөлөрүн оптимизациялоо жөнүндө.”
Терек-Сай айыл аймагына караштуу Ак-Терек айылындагы жаңы ачылып жаткан “Келечек” балдар бакчасындагы тайпалардын уктоочу бөлмөлөрүн оптимизациялоо зарылдыгы боюнча аталган мекеменин жетекчиси Ч.Баимбетованын маалыматына ылайык, акча каражатын карап берүү жөнүндөгү Терек-Сай айыл аймагынын башчысы Б.Н.Исабековдун кайрылуусун карап чыгып жана талкуулап, Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Терек-Сай айыл аймагына караштуу Ак-Терек айылындагы “Келечек мектепке чейинки билим берүү уюму” мекемесинде жаңы ачылып жаткан тайпалардын уктоочу бөлмөлөрүн оптимизациялоо үчүн 692 900 (алты жүз токсон эки миң тогуз жүз) сом акча каражаты алты айдын жыйынтыгы менен жергиликтүү бюджеттин пландан ашыкча аткарылган каражатынын эсебинен бөлүнүп берилсин.
2.Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн КЭБ башчысы Т.Сувановага милдеттендирилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет, каржы, инвестиция, ишкердик жана коомдук иштери боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы : |
Эргешов К.М. |