ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги V-сессиясынын
2024-жылынын 19-июлуну №32
““2023-2024-окуу жылында жалпы республикалык тестирлөөдөн жогорку балл алган окуучуларды сыйлоо жөнүндө”
Терек-Сай айыл аймагынын башчысы Б.Н.Исабековдун 202232024-окуу жылында жалпы республикалык тестирлөөдөн жогорку көрсөткүчтөгү балл алган окуучуларды сыйлоо жөнүндө билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1.Терек-Сай айыл аймагына караштуу билим берүү мекемелеринде окуучулардын кызыгуусун арттыруу максатында 2023-2024-окуу жылынын жыйынтыгы менен жалпы республикалык тестирлөөдөн алган жогорку көрсөткүчтөгү баллдары үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен төмөнкүдөй акча каражаттары бөлүнүп берилсин.
Негизги тесттен алган баллдары үчүн:
-Максималдуу 240 баллга -100 000 сом;
-200 баллдан жогору -50 000 сом;
-180 -200 баллга чейин -20 000 сом;
-150 -180 баллга чейин -10 000 сом;
2.2023-2024-окуу жылында жалпы республикалык тестирлөөдөн жогорку көрсөткүчтөгү балл алган окуучуларды сыйлоо максатында 310 000 (үч жүз он миң) сом акча каражаты алты айдын жыйынтыгы менен жергиликтүү бюджеттин пландан ашыкча аткарылган каражатынын эсебинен бөлүнүп берилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын КЭБ башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет, каржы, инвестиция, ишкердик жана коомдук иштери боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы : |
Эргешов К.М. |