Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги V-сессиясынын
2024-жылынын 19-июлуну №33
““Терек-Сай айыл аймагына караштуу Шекафтар айылындагы сугат суу маселеси боюнча долбоорду Чаткал райондук өнүктүрүү фондуна сунуштоо жөнүндө.”
Терек-Сай айыл аймагына караштуу Шекафтар айылындагы сугат суу маселеси айыл тургундары үчүн көйгөйлүү маселе болгондуктан, сугат суу маселеси боюнча долбоор даярдап, Чаткал райондук өнүктүрүү фондуна сунуштоо зарылдыгы жөнүндөгү Терек-Сай айыл аймагынын башчысы Б.Н.Исабековдун кайрылуусун карап чыгып жана талкуулап, Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Терек-Сай айыл аймагына караштуу Шекафтар айылындагы сугат суу маселеси айыл тургундары үчүн көйгөйлүү маселе экендигин эске алуу менен, жалпы тургундарды сугат суу менен камсыздоо максатында долбоор даярдап, Чаткал райондук өнүктүрүү фондуна сунуштоо жагы Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнө сунушталсын.
2.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө таза суу, тазалык, жолдор, жарыктандыруу, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштери боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы : |
Эргешов К.М. |