ЧАТКАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Чаткал айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXIV- сессиясы
2023-жылдын 17-ноябры № 3
Чаткал айылдык өкмөтүнүн 2023-жылга бекитилген жергиликтүү бюджеттинин тогуз айга карата аткарылышы тууралуу отчетун угуу
Чаткал айыл өкмөтүнүн 2023-жылга бекитилген жергиликтүү бюджеттинин тогуз айга карата аткарылышы тууралуу отчетун угуп Чаткал айылдык Кеңештинин “Бюджет, экономика, мунисипалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш” боюнча туруктуу комиссиясынын сунуштарын эске алуу менен Чаткал айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги ХХIV- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чаткал айыл өкмөтүнүн 2023-жылга бекитилген жергиликтүү бюджетинин тогуз айга карата карата аткарылышы айрым бир кемчилдиктерди эске алуу менен канааттандырарлык деп табылсын.
2. Бекитилген бюджеттен тышкары кошумча түшкөн каражаттарды өз убагында карап бөлүштүрүү, бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизип туруу жагы Чаткал айылдык Кеңештинин “Бюджет, экономика, мунисипалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш” боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик расмий WWW: Chatkal.kg маалымат сайтына жарыялап жана Жалал-Абад областык юстиция башкармалыгынан Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү жагы жооптуу катчы Р.Султанбек уулуна милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чаткал айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары К.Оморовго жүктөлсүн.
Чаткал айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары: |
К.С. Оморов. |