ЧАТКАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Чаткал айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXIV- сессиясы
2023-жылдын 17-ноябры № 5
Демберүүчү (үлүштүк) грантка долбоор сунуштоо жөнүндө
Чаткал айыл өкмөтүнүн 10.11.2023-жылдагы № 01-17/01/240 сандуу Жаңы-Базар айылында жайгашкан № 2 “Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу” жайгашкан имараттын айланасын королоо боюнча сунушун карап, талкуулап чыгып Чаткал айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги XХIV-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чаткал айыл өкмөтүнүн 10.11.2023-жылдагы № 01-17/01/240 сандуу сунушу эске алынсын.
2. Жаны-Базар айылында жайгашкан № 2 “Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу” жайгашкан имараттын айланасын королоо боюнча тийиштүү иш кагаздарын, смета-проектилерин даярдап Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлиги тарабынан Республикалык бюджеттен каржылануучу “Дем берүүчү (үлүштүк) грантка” сунуштама берүү жагы Чаткал айыл өкмөтүнүн ФЭБнө милдеттендирилсин.
3. Долбоордүн эсептелген жалпы суммасынан 30% өлчөмүндө 283085сом өздүк салымын каржылоо жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржылансын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чаткал айыл өкмөтүнүн башчысы Ө.Токтогуловго милдеттендирилсин.
5. Бул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик расмий WWW: Chatkal.kg маалымат сайтына жарыялап жана Жалал-Абад областык юстиция башкармалыгынан Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү жагы жооптуу катчы Р.Султанбек уулуна милдеттендирилсин.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чаткал айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары К.Оморовго жүктөлсүн.
Чаткал айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары: |
К.С. Оморов. |